// } ?>
2026-04-27 17:50:25 21
Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директорунун орун басары Каримбаев Элназар Сагыналиевич 2026-жылдын 5–12-апрель күндөрү Армения Республикасында өткөн эл аралык тажрыйба алмашуу сапарына катышып келди. Аталган иш сапар инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө жана саясий процесстерге бардык катмарларды тартууга багытталып, “ДИА” коомдук фонду жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен IDem долбоорунун алкагында уюштурулду. Делегациянын курамына ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү, активдүү жаштар жана менталдык саламаттык багытында иш алып барган адистер кирди. Сапар учурунда катышуучулар Армениядагы алдыңкы эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын тажрыйбасын үйрөнүштү. Алардын катарында Armenian Progressive Youth, Eurasia Partnership Foundation, Кызыл Крест жана UNICEF Armenia сыяктуу уюмдар бар. Мындан тышкары, делегация Гюмри шаарына барып, жаштар борборлорунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, жергиликтүү жаштар менен пикир алмашуу жүргүздү. Бул иш сапар катышуучулар үчүн жаңы дем-күч берип, өз өлкөсүндө колдонууга боло турган натыйжалуу ыкмаларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле тынчтыкты чыңдоо, жарандык активдүүлүктү жогорулатуу жана менталдык саламаттыкты колдоо багытында баалуу тажрыйба топтолду. Мындай эл аралык байланыштар келечекте биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болот.