Акыркы коңгуроо аземинде бүтүрүүчүлөргө сый көрсөтүлдү

2026-06-03 03:53:43 5

2026-жылдын 29-май күнү Ош мамлекеттик университети караштуу Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 3-курсунун академиялык кеңешчилери мектептерде өткөрүлгөн “Акыркы коңгуроо” салтанаттарына катышышты. Иш-чаранын алкагында мектепти ийгиликтүү аяктап, андан соң биздин колледжге тапшырып, учурда окууда мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жаткан студенттерге өзгөчө көңүл бурулду. Колледждин өкүлдөрү бүтүрүүчүлөрдүн билим алган мектептерине барып, окуучуларды тарбиялап өстүргөн мугалимдерге жана мектеп жамааттарына колледждин атынан ыраазычылык каттарды тапшырышты. Мындай жолугушуулар билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, келечектеги студенттерге мотивация берүү менен бирге жаштарды билим алууга үндөйт. Өзгөн эл аралык медициналык колледжи таланттуу жана билимдүү жаштарды колдоону мындан ары да улантат.