// } ?>
2026-06-03 04:17:35 10
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде «Бүтүрүүчү – 2026» аталышындагы жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын башталышында бүтүрүүчү студенттер өздөрүнүн кураторлору менен бирге кызыл килемден салтанаттуу өтүп, келген коноктордун жана жалпы катышуучулардын жылуу тосуп алуусуна ээ болушту. Майрамдык кечеде бүтүрүүчүлөр ар кандай сахналык көрүнүштөрдү, музыкалык номерлерди жана чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулап, студенттик жашоонун унутулгус көз ирмемдерин чагылдырган таасирдүү программаны сунушташты. Ошондой эле алар сахнанын символикалык ачкычын 1-курстун студенттерине өткөрүп берип, колледждин чыгармачылык жана коомдук турмушунун кийинки муунга уланышын белгилешти. Салтанаттын жүрүшүндө колледждин директорунун милдетин аткаруучу Г.А. Сулайманова куттуктоо сөзүн сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, алардын окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин белгиледи. Ошондой эле окууда, коомдук жана маданий иштерде өзгөчөлөнгөн студенттерге, алардын ата-энелерине жана билим алган мектептерине ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды тапшырды. Майрамдык кечеге катышкан ардактуу коноктор дагы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалашты. Иш-чаранын соңунда директордун тарбия иштери боюнча орун басары Э.С. Каримбаев сөз сүйлөп, бул кеченин жөн гана бүтүрүүчүлөр менен коштошуу эмес, колледждин 2025–2026-окуу жылын жыйынтыктоочу маанилүү иш-чара экендигин баса белгиледи. Ал бүтүрүүчүлөргө ак жол, бекем ден соолук жана кесиптик ийгиликтерди каалап, колледждин атын бийик көтөргөн мыкты адис болууга чакырды. «Бүтүрүүчү – 2026» кечеси жылуу маанайда өтүп, бүтүрүүчүлөр үчүн студенттик өмүрдүн эң унутулгус жана эсте каларлык күндөрүнүн бири болуп калды.