ОшМУнун Өзгөн эл аралык колледжинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

2026-09-29 04:58:03 1

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 37 жылдыгына карата Өзгөн эл аралык колледжинде майрамдык маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге эне тилибиздин тарыхы, анын баалуулугу жана коомдогу ээлеген орду тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле майрамдык программа мамлекеттик тилге арналган көркөм окуулар, обондуу ырлар жана таасирдүү бийлер менен коштолду.