// } ?>
2026-10-02 19:42:24 5
Ош Мамлекеттик Университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Мамлекеттик тил күнүнүн 37 жылдыгына карата студенттер арасында "Акыл таймаш" интеллектуалдык оюну жогорку деңгээлде болуп өттү. Оюндун негизги максаты: Студенттердин эне тилге болгон кызыгуусун жана сүйүүсүн арттыруу; Логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын ачуу; Кырдаалга жараша тез жана туура чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү. Студенттер жигердүү катышып, өз ара курч атаандаштыкта, жогорку интеллектуалдык даярдыкта эне тилибиздин байлыгын, тереңдигин жана логикалык ой жүгүртүүлөрүн көрсөтө алышты.