// } ?>
2026-10-02 19:49:00 5
Ош Мамлекеттик Университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Мамлекеттик тил күнүнө карата окутуучулар арасында жат жазуу иш-чарасы уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты жана жүрүшү: Окутуучулардын кыргыз тилинде сабаттуу жазуу деңгээлин жана тилдик билимин аныктоо; Орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерди так сактоо жөндөмдөрүн текшерүү; Эне тилибиздин кадыр-баркын көтөрүү, окутуучулар арасында мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды жана жоопкерчиликти арттыруу. Катышуучулар жигердүү катышып, кыргыз тилинин грамматикалык эрежелерин сактоо менен сабаттуулугун жана кесиптик жоопкерчилигин көрсөтө алышты. Бул иш-чара колледжде мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана тил маданиятын жогорулатууга чоң салым кошту. (Бул маалымат социалдык тармактарга