1-октябрь Карылар күнүнө карата социалдык жардам көрсөтүлдү

2026-10-02 19:55:29 5

Ош Мамлекеттик Университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы биргеликте маанилүү кайрымдуулук жана социалдык иш-чара уюштурушту. Иш-чарага Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Алибаева Максула Абсаламовна баш болгон бөлүмдүн кызматкерлери жана колледждин студенттери жигердүү катышышты. Иш-чаранын негизги максаты: Улуу муундун аруу эмгегин баалоо жана аларга терең урмат-сый көрсөтүү; Улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга моралдык, социалдык колдоо көрсөтүү, камкордук көрүү; Келечектеги медицина кызматкерлери болгон студенттерде боорукердик, кайрымдуулук жана социалдык жоопкерчилик сапаттарын калыптандыруу. Иш-чаранын жүрүшүндө карыяларга жылуу маанай тартууланып, алардын коомдогу орду өзгөчө экендиги белгиленди. Бул сыяктуу демилгелер муундар ортосундагы байланышты чыңдап, келечек муунга адеп-ахлактык чоң тарбия берет.