// } ?>
2026-10-21 11:07:11 1
Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, медициналык билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон ардагер окутуучуларга жана кызматкерлерге урмат-сый көрсөтүлдү. Ардагер окутуучулар — билимдин, тажрыйбанын жана кесипкөйлүктүн үлгүсү. Алардын көп жылдык эмгеги медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, келечектеги медицина кызматкерлерин даярдоого жана жаш адистердин кесиптик калыптанышына чоң өбөлгө түзүп келет. Колледждин жалпы жамааты ардагер окутуучуларга ак эмгеги, берилген билими жана үзүрлүү кызмат өтөгөн жылдары үчүн терең ыраазычылык билдирет. Аларга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана мындан аркы иштерине ийгиликтер каалайт. Ардагерлерге болгон урмат-сый — эмгекти баалоонун жана муундар ортосундагы сый-урматты бекемдөөнүн маанилүү белгиси.