// } ?>
2026-10-29 17:10:12 38
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде кезектеги педагогикалык кеңеш өткөрүлдү. Педагогикалык кеңештин жүрүшүндө колледжде эмгектенип, учурда башка ишке которулган жана ардактуу эс алууга кеткен окутуучуларга директордун м.а. Э.С.Каримбаев билим берүү тармагындагы буга чейинки үзүрлүү эмгеги, кесипкөйлүгү жана колледждин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн колледждин Ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Колледждин жамааты өз кесибине берилгендик менен кызмат кылып, студенттердин билим алуусуна жана келечектеги медициналык адистердин калыптанышына салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык билдирет. Ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жаңы иш ордуңуздарда ийгиликтерди жана мындан аркы эмгегиңиздерге ийгилик каалайбыз!