"Сабаттуу жазалы" акциясы Өзгөн медициналык колледжинде өткөрүлдү

2016-04-16 15:26:37 243

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын талабына ылайык 2016-жылдын 14-15-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн медициналык колледжинде “Сабаттуу жазалы” акциясы өткөрүлдү. Акциянын максаты: Мамлекеттик тилде сабатуу жазууга багытоо жана сабаттуу болууга үндөө. Акциянын милдети: 1. Окуу жайдын кызматкерлеринин, студенттердин көңүлүн сабаттуу жазуу көйгөйүнө буруу. 2. Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорлатуу аркылуу сабатуу жазууну учурдун талабына айлантуу. Акцияга жалпы 30 (отуз) окутуучу катышып, алардын ичинен 25 (жыйырма беш) окутуучу кыргыз, 5 (беш) окутуучу өзбек. Жат жазуудан алган баалары боюнча 16 (он алты) окутуучу “5” деген баа, 11 (он бир) окутуучу “4” деген баа, 3 окутуучу “3” деген баа алышты. , ,