ӨЗГӨН ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ӨКҮЛДӨРҮ АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

2026-11-05 18:06:51 5

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Эл аралык медициналык колледжинде Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө арналган «Кант диабетинин курч жана өнөкөт татаалдашуулары: фундаменталдык илимден инновациялык технологияларга жана заманбап клиникалык практикадагы дисциплиналар аралык мамилеге карай» аттуу аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага медициналык колледждердин директорлору, медициналык уюмдардын жетекчилери жана саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты. Конференциянын алкагында конокторго окуу жайдын ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы тааныштырылып, кызматташтыкты өнүктүрүү максатында келишимге кол коюлду.