// } ?>
2026-11-05 18:11:38 6
2026-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Батарова Гүлнара Маришовна ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжине келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү, окуу шарттары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Иш сапардын алкагында депутат колледждин эмгек жамааты жана студенттери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Эмгек жамааты менен болгон жолугушууда окутуучулар тарабынан медициналык билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча суроолор берилип, өзгөчө медициналык колледждерге 9-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алуу маселеси көтөрүлдү. Бул багытта жамааттын сунуш-пикирлери жана өтүнүчтөрү депутаттын назарына жеткирилди. Студенттер менен болгон жолугушууда жаштар өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, сунуш-пикирлерин билдиришти. Депутат студенттер менен ачык пикир алышып, алардын билим алуусуна жана келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө байланыштуу каалоо-тилектерин айтты. Ошондой эле Кыргызстандагы медициналык колледждер ассоциациясынын төрагасы Станбаев Өзгөнбай Тиллебаевичтин медициналык колледждерге 9-класстын базасында кабыл алуу маселесин кароо боюнча кайрылуу каты депутатка тапшырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө Гүлнара Маришовна колледждин ишмердүүлүгүнө оң баасын берип, айрыкча элет жергесинде медициналык кадрларды даярдоодо окуу жайдын орду чоң экендигин белгиледи. Аймактарда квалификациялуу орто медициналык адистерди даярдоо калктын саламаттыгын сактоодо жана медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо маанилүү экендигине токтолду. Ошондой эле колледждин эмгек жамаатына ийгиликтерди, студенттерге татыктуу билим алып, келечекте элдин саламаттыгы үчүн ак кызмат кылган мыкты адистерден болуусун каалады. Жолугушуу ачык пикир алмашуу, өз ара түшүнүшүү жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо менен жыйынтыкталды.