// } ?>
2026-11-12 21:19:00 3
26-октябрь күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде студенттер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдештин негизги максаты – студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спортко болгон кызыгууну арттыруу, жаштардын ден соолугун чыңдоо, ошондой эле достукту, ынтымакты жана командалык биримдикти бекемдөө болуп саналат. Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн шамдагайлыгын, ыкчамдыгын, күчүн жана командалык оюндагы чеберчилигин көрсөтүштү. Мелдеш кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучуларга жагымдуу эмоцияларды тартуулады. Мындай спорттук иш-чаралар студенттердин ден соолугун чыңдоо менен бирге, алардын өз ара достук мамилесин бекемдөөгө жана активдүү жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт.