// } ?>
2026-11-12 21:22:30 3
2026-жыл, 10-ноябрь күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде коррупциянын алдын алуу, анын кесепеттерин түшүндүрүү жана студенттер арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу максатында маалыматтык-түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө коррупциянын коомго, билим берүү системасына жана мамлекеттин өнүгүшүнө тийгизген терс таасирлери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле билим берүү процессинде академиялык ак ниеттүүлүктү сактоо, паракорчулукка жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө, студенттердин укуктары жана милдеттери талкууланды. Студенттерге коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер карабоо, мыйзамдуулукту сактоо жана өз укуктарын билүү зарылдыгы белгиленди. Мындай иш-чаралар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, адилеттүүлүк жана чынчылдык принциптерин бекемдөөгө, ошондой эле коррупциясыз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.