Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу

2016-06-03 19:04:13 232

Бүгүн Өзгөн медициналык колледжин бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи болуп өттү. Жыйынга Өзгөн медициналык колледжинде билим алып, бир адистиктин ээси болгон мурунку бүтүрүүчүлөр, ОшМУнун карьера борборунун жетекчиси Г.М. Жакыпова жана колледждин жалпы жамааты катышты. 15-жыл аралыгында Өзгөн медициналык колледжинин басып өткөн жолу, тарыхы, колледжди түптөөдө болгон кыйынчылыктарга кеңири токтолуп, колледждин тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жолугушуу аземи менен бүтүрүүчүлөрдү куттукташты. Ошондой эле ОшМУ жана 15-жылды камтыган колледждин видеоролиги көрсөтүлдү. Андан соң бүтүрүүчүлөрдүн өкүлдөрүнө сөз берилип, алар өз сөзүндө талыкбай жаш муундарга билимин, жаштыгын, саламаттык сактоо тармагына өмүрүн арнаган устаттарына ыраазычылыктарын билдиришти. Өзгөн медициналык колледжи жаңы имаратка ээ болуп, окуу процессине жакшыртуу максатында жасалгаланган тренажордук кабинет, лабораторияды көрүп аябай ийгиликтерге жетишкендигин белгилеп кетти. , , , , , , , ,