“Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү” күнүнө карата семинар болуп өттү.

2016-11-08 18:42:56 210

Мамлекеттик “Улуттук Ден-соолук” программасынын жана КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2016-жылдын 19-октябрындагы №650-көрсөтмөсүнүн негизинде АИВ/ЖИКСтин алдын алуу жана күрөшүү боюнча 1-декабрь “Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү” күнүнө карата “НОЛЬ багатында. Жаңы АИВ-инфекциясынын НОЛЬ учурлары. НОЛЬ басмырлоо. СПИДден каза болгондор НОЛЬ” деген ураан менен Өзгөн медициналык колледжинде семинар болуп өттү. Семинарга профессордук окутуучулук курам, студенттер жана Өзгөн райондук Үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун адистери катышты. Семинарда СПИДдин жугуу жолдору жана СПИДден сактануунун жолдору камтылган видеоролик көрсөтүлдү. ,