17-ноябрь студенттер күнү белгиленди.

2016-11-18 22:35:23 227

Кече 17-ноябрь күнү, Өзгөн медициналык колледжинде "17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү" белгиленди. Өзгөн медициналык колледжинин директору Ө.Т.Станбаев студенттердин майрамы менен куттуктап, окууларына ийгилик каалап, мындан арыда жакшы окууларына тилектеш экенин билдирип кетти. Майрамда 1-курстарды студенттикке кабыл алуу аземи да белгиленип, 1-курстун студенттерине зачеттук китепчелер берилди. Окуудагы жетишкендиги, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер Өзгөн медициналык колледжинин Ардак Грамоталары менен сыйланды. Ошондой эле колледжде салтка айланган 3-курстун студенттери эстофета белегин 1-курстун студенттерине тапшырышты. 3-курстун тайпа кураторлоруна, старосталарына номенациялар ыйгарылды. Студенттерге маанайын көтөрүү максатында концерттик программа тартууланды. , , , .