“Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү” күнү белгиленди

2016-12-02 16:06:26 214

Кечээ 1-декабрь “Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү” күнүнө карата Өзгөн медициналык колледжинде адистиктер ортосунда таймаш өткөрүлдү. Таймашка ар бир адистиктен бирден команда түзүлдү. Түзүлгөн командалар 4-тур менен мелдешти. 1-Видеороликтер сынагы. 2-Сахналык көрүнүш. 3-Эркин тема. 4-Дубал гезиттер жана эмблемаларын тааныштыруу. Таймашта студенттер тарабынан даярдалган концерттик программада ВИЧ СПИД оорусуна кагылуу, сактануунун жолдоруу жөнүндө толук так маалыматтар чагылдырылган. Адистиктерден түзүлгөн командалардан 1-орунду “Акушердик иши” адистиги, 2-орунду “Дарылоо иши” адистиги, 3-орунду “Сестралык иши” адистиги, 4-орунду “Фармация” адистигинен түзүлгөн командалар ээледи. Бул иш чаранын негизги максаты студент жаштарга ВИЧ СПИД оорусу тууралуу туура жана так маалымат жеткирүү. , , , ,