Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлдү

2018-09-22 15:56:32 275

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына арналган иш чара Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Мамлекеттик тил майрамына арналган иш пландын негизинде тайпалар арасында конкурс уюштурулуп, тилди даңазалоо, барктоо, мыйзамды турмушка ашыруу боюнча дубал гезит, тилге арналган акындардын чыгармаларын көркөм окуу, Манас айтуу, сүрөт баян, кураторлордун көркөм окуусу жана башка мыкты номерлер аткарылды. Тайпалар кураторлору менен биргеликте тегерек столго активдүү катышышты.