“Медайымдын иши. Кыргыз Республикасында медициналык орто билим берүү. Көйгөйлөрү жана чечүү жолдору” деген аталышта тегерек стол болуп өттү

2018-09-26 12:19:03 265

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык 2018-жылдын 24-25-сентябрь күндөрү Ош шаарында “Медайымдын иши. Кыргыз Республикасында медициналык орто билим берүү. Көйгөйлөрү жана чечүү жолдору” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр, медициналык колледждердин директорлору, директор орун басарлары, саламаттыкты сактоо мекеме уюмдарынын медайымдык иши боюнча директордун орун басарлары катышты. Тегерек столдо “Медайымдын ишин өнүктүрүү программасы”, “КРда медициналык орто билим берүүнү өнүктүрүү программасы” боюнча темалар болуп, чоң талкууну жаратты.