Жеңил атлетика боюнча күзгү кросс өткөрүлдү

2018-09-29 17:36:19 431

Бүгүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрация тарабынан борбордук стадиондо "Спорттук Кыргызстан" программасынын алкагында, 2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылына" карата Өзгөн районунда жайгашкан атайын орто окуу жайларынын студенттеринин арасында жеңил атлетика боюнча күзгү кросс өткөрүлдү. Кросско ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана Өзгөн технология жана билим берүү колледжинин студенттери катышты. Мелдештин программасы боюнча Балдар арасында 1500м жана 1000м аралыкка, кыздар арасында 1000м жана 500 м аралыкка чуркап байгелүү орундарды алышты.