Өрт коопсуздугун сактоо, жарандык коргоо боюнча иш чара болуп өттү.

2018-10-05 14:21:33 308

2018-жылдын 4-октябрь күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде өрт коопсуздугун сактоо, жарандык коргоо боюнча иш чара болуп өттү. Иш чарада Өзгөчө кырдаалдар боюнча Өзгөн районунун өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы капитан Н.Тобокеев, жарандык коргоонун офицери А.Мусажановдор тарабынан студенттер үчүн өрттүн алдын алуу, өрт коопсуздугун сактоо, өрт чыккан мезгилде эмнелер кылуу керектиги жөнүндө лекция жана нускама өтүп берди. ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ 1. ЖАЛПЫ ЖОБО Ар бир мекеме ишкананын кызматкерлери ээлеген кызматына карабастан өрт коопсуздук эрежелерин билүү жана аны аткарууга милдеттүү. Мекеме ишканаларда өрт коопсуздугун камсыздоо жана аткаруу ошол мекеменин башчысына жүктөлөт. Бардык кызматкерлер өрт коопсуздук эрежелеринин нускамалары менен таанышуулары зарыл, өрт кокустугу чыккан мезгилде өрт өчүрүү кызматына чакырууну билүүлөрү, ошондой эле өрт өчүрүү шаймандары менен иштөөнү билүүлөрү керек.Мекеме ишкананын башчылары кызматкерлерди өрт коопсуздук эрежелери менен тааныштырууга милдеттүү. 2. ИМАРАТТАГЫ САКТАЛУУЧУ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ. 1. Мекеме ишканалардын коридорлору, негизги өтүүчү жолдору, кошумча эшиктер жана лестницалар ачык болуп, тосмолор менен тосуулбаган абалда болуусу зарыл. 2. Баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар, өрт өчүргүчтөр ар дайым оң абалда сакталуучу жана алып иштетүүгө ыңгайлуу жерде сакталышы зарыл.Баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандарынын башкы кызматтарга иштетүүгө тыюу салынат. 3. Электр жылыткыч шаймандароын колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл.Ачык спиралдуу электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынат. 4. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин бардык бөлмөлөр көзөмөлдөн өткөрүлүп,электр жабдыктарын жана жарыктарды өчүрүү зарыл. 3. ТЫЮУ САЛЫНАТ: - Белгиленбеген жерде тамеки тартууга - Тез күйүп кетүүчү материалдарды жылытуу системаларынын жанына койууга - Таштанды кагаздарды атайын белгиленбеген жерде жагууга - Электр жылыткыч приборлорун жанык түрдө кароосуз калтырууга - Имараттын коридорлоруна, тепкичтердин астына чарбалык материалдарды мебельдер жана эмеректерди койууга - Бир электр резеткасына ашыра күч келтирип колдонуп бир нече электр шаймандарын сайууга - Күйүп турган электро лампочкаларын жана светильниктерди тез күйүп кетүүчү материалдар жана кагаздар менен ороого. 4. ӨРТ УЧУРУНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК. - Өрт болуп жаткандагы тууралуу өрткө каршы кызматына101 телефону аркылуу кабарлоо жана даректи анык айтуу - Адамдарды сактап биринчи жардам көрсөтүү - Колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү - Материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо. Сиздин окуу жайыңыздарда өрт чыкса эмне кылуу керек? Окуу жайда адам көп болгондуктан, аларды эвакуация кылуу. Адамдарды батирди эвакуация кылууга караганда көп убакытты алат. Ошондуктан окуу жайда орт чыкса, алынган чараларды ырааты менен колдонуу керек. Биринчиден -өрттөнүп жаткан бөлмөнүн эшигин жабуу керек. Эгер сиз терезенин сыртынан көрсөңүз, анда ал бөлмөгө кирүүгө аракет кылбаңыз. Ачык эшик түтүндү чыгарбастан, ошондой эле эвакуация кылууда тоскоолдук кылат, күтүлбөгөн жерден абанын кириши өрттүн чоң ылдамдыкта өрчүшүнө алып келет. Тезинен агай көтөрүп, өрт жөнүндө билдирүү керек. Өрт жөнүндө жакын турган персоналдардын мүчөсүнө билдириңиз, ал болсо адамдарды тез аранын ичинде окуу жайдын имараттын эвакуация кылуу чараларын көрөт. Ар бир адам милдеттүү түрдө мурдатан макулдашылган чогулуу пунктуна келиши керек, ал жерде бардыгы эвакуацияланганын билүү үчүн атын айтып текшерүү жүргүзүүлүсү зарыл. Өрт чыгаары менен тез арада “101” телефонуна чалып өрт өчүрүү кызматына кабарлоо керек. Өрт өчүрүү кызматы келген мезгилге биринчи кезекте төмөнкүлөрдү билүү зарыл: - Өрт кайсы бөлмөдө болуп жатат. - Имараттан баардыгы эвакуацияланганбы. Өрт учурунда окуу жайдын имааратынан эвакуациялоонун тартиби: - Айгай - Өрт өчүрүү кызматына кабарлоо - Эвакуациялоо - Чогулуу - Атынан атап тактоо Айгай - Ар бир адам (студентби же персоналдык мүчөсүбү) өрт чыкканын байкагандан кийин, олку солку болбостон өрт жөнүндө агай көтөрүүсү зарыл. Өрт өчүрүү кызматын чакыруу - Кандай өрт болсо дагы өрт өчүрүү кызматына ыкчам менен кабарлоо керек. Эвакуациялоо. - Окуу жайдагылар агайды уккандан кийин өздөрүнүн ордуларынан туруп, окуу бөлмөсүндөгү жооптуу мугалимдин көрсөтүүсү менен бир бирден окуу бөмөсүн ташта чогулуу аянтчасына чогулуу керек, ирэти менен бирдей керек. Окуу бөлмөнүн жана эвакуациянын жолундагы эвакуация учурунда колдонулбай турган башка бардык эшиктерде жабу зарыл. Чогулуу - Чогулуу жайы мурдатан макулдашылышкан аянтчага чыгуу керек. - Чогулуу жайына келин, ар бир студенттер же адамдардын тобу бөлүнүп аныкталган жайларды ээлеп, тарап кетпей, ошол жерде болуп турушу керек. Атын айтып чакыруу - Чогулуу жайына келээри менен тезинен атын атап тактоо жүргүзүү керек. №1-эреже - Жолдогу бардык эшиктерди жапкыла, муну менен сиз өрттүн жолун торойсуз. (жабык эшик өрттү 15 мүнөткө кармайт) №2-эреже - Өрттөн качып баратып, өрт жөнүндө бардыгына эскертиңиз (эч нерсе издебеңиз, өрттөн тезирээк кетиңиз) №3-эреже - Мугалимге өрт жөнүндө кабарлаңыз. №4-эреже -Эвакуацияңыз. №5-эреже -Тез арада кол телефону аркылуу 101 номерин терип, өрт өчүрүү кызматына окуу жайдын дареги жана өзүңүз жөнүндө так маалыматты айтыңыз. №6-эреже - Кайра артка кирбеңиз – сиз өрт кырсыгынан жабыркап, же истүү газга ууланып калышыңыз мүмкүн.