Мугалимдер күнү белгиленди

2018-10-05 14:29:34 302

Бүгүн ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата "Студенттер окутуучуларды куттукташат" аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш- чара эрте менен жумушка кирип келе жаткан ар бир окутуучуну ак халатчан студенттер кызыл килемдин үстүндө гүл менен тосуп алышты. Андан соң таланттуу студенттерибиз тарабынан майрамдык концерт уюштурулуп окутуучуларды кесиптик майрамы менен куттукташты.