Өзгөн ЭАМКнин директору илимий-практикалык конференцияга катышып келди

2018-11-22 14:05:21 251

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында Бишкек медициналык колледжинин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору Ө.Т. Станбаев катышып келди. Конференция чоң масштабда уюштурулуп, КРдин Жогорку Кеңеши, КРдин Өкмөтү, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери жана медицина колледждеринин директорлору катышты.