ОшМУнун акыйкатчысы структурасы менен Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде жолугушуу өткөрдү

2018-11-28 14:08:37 335

2018-жылдын 27-ноябрь күнү ОшМУнун акыйкатчысы Орозали уулу Бектурсун структурасы менен Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда акыйкатчы студенттердин укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берип, университет тарабынан студенттерге берилип жаткан жардамдар жана башка темалар жөнүндө кеңири сөз болду. Колледждин студенттери өздөрүнө кызыктуу болгон суроолорду берип, толук кандуу жоопторду алышты. Жолугушуунун аягында студенттерден “Окутуучу студенттин көзү менен” деген аталышта анкета алынып, студенттер активдүү катышты.