“Медайымдын иши. Кыргыз Республикасында медициналык орто билим берүү. Көйгөйлөрү жана чечүү жолдору” деген аталышта тегерек стол болуп өттү

2018-11-30 18:54:23 305

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык 2018-жылдын 29-ноябрь күнү Бишкек шаарында “Медайымдын иши. Кыргыз Республикасында медициналык орто билим берүү. Көйгөйлөрү жана чечүү жолдору” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр, медициналык колледждердин директорлору, саламаттыкты сактоо мекеме уюмдарынын медайымдык иши боюнча директордун орун басарлары катышты. Тегерек столдо “Медайымдын ишин өнүктүрүү программасы”, “КРда медициналык орто билим берүүнү өнүктүрүү программасы” боюнча баяндамалар болду. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору Ө.Т. Станбаев “Медайымдык билим берүү боюнча учурдагы кырдаал. Сапатын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар” жөнүндө баяндама жасады.