“1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө”нө карата иш чара болуп өттү.

2018-12-03 18:16:21 386

“1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө”нө карата Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде иш чара болуп өттү. Иш-чарага Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан өкүлдөр келип, студенттерге оору тууралуу видео-роликтер көрсөтүп оорунун келип чыгышы, сактануунун жолдору жөнүндө айтып беришти. Ал эми колледждин студенттери тарабынан дубал газета, видео-ролик, слайддар даярдалып, СПИД оорусун жугузуп алган бейтап тууралуу сахналык көрүнүштөр коюп берди. Иш-чаранын сонунда студенттерге маалымат баракчалар таркатылды. Бул иш чаранын негизги максаты студент жаштарга ВИЧ-СПИД оорусу тууралуу туура жана так маалымат жеткирүү болду.