Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча жолугушуу өткөрүлдү

2018-12-11 19:19:54 256

Бүгүн Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттерине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын сапат экспертиза бөлүмүнүн адиси Дүйшөева Айгуль тарабынан Милдеттү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда медициналык камсыздандыруу программасы, камсыздандырылган жарандардын медицина тармагында укуктары, амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары каражаттары менен камсыздоо, ММК полиси, кош бойлуу аялдарга акысыз берилүүчү полис туурасында, МКП жана кошумча программалар боюнча кеңири маалымат берилди. Жыйындын аягында студенттер тарабынан суроолор берилип, берилген суроолорго так маалымат алышты.