Жумуш ордуна жайгаштыруу боюнча семинар-трейнинг болуп өттү

2018-12-15 16:04:45 241

14.12.2018-жылы Ош мамлекеттик университетинде КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жумуш ордуна жайгаштыруу боюнча семинар - тренинг болуп өттү. Семинар-тренингге Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин бүтүрүүчү студенттери катышты. Семинар-трейнингге ОшМУнун АББСДнын директору М.Алтыбаева жетекчилик кылып, жаш адистерди жумушка жайгаштыруу боюнча статистикалык маалыматтар, бош жумуш орундары боюнча маалыматтар, мамлекеттик жумушка кирүүнүн жол жоболору, бүтүрүүчүлөр жана студенттер үчүн министрлик тарабынан окутулуучу акысыз курстар жөнүндө маалыматта берди.