ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде студенттерди баалоо процессинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында директордун катышуусунда академиялык топтордун старосталары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө колледжде иштеп жаткан студенттерди маалымдоо системасы тууралуу кеңири маалымат берилди. Атап айтканда, студенттер колдонулуп жаткан баалоо эрежелери, аралык жана жыйынтыктоочу баалоо процедуралары, бааларды эсептөө тартиби жана жыйынтыктарды жарыялоо механизми менен таанышышты.
Ошондой эле, студенттердин укуктарын коргоо жана адилет баалоону камсыз кылуу максатында бааларды кайра карап чыгуу (апелляция) тартиби түшүндүрүлдү. Директор студенттер каалаган учурда белгиленген тартипке ылайык арыз менен кайрылууга укуктуу экенин белгилеп, бул процесс ачык-айкын жана ички жоболордун негизинде жүргүзүлөрүн маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө старосталар өз сунуш-пикирлерин билдирип, суроолоруна жооп алышты. Мындай форматтагы жолугушуулар студенттер менен администрациянын ортосундагы байланышты чыңдоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Колледж мындан ары да билим берүү процессинин ачыктыгын, адилеттүүлүгүн жана студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылуу багытында иш алып барат.