"24-Март – Бүткүл Дүйнөлүк кургак учукка каршы Күн"
"24-Март – Бүткүл Дүйнөлүк кургак учукка каршы Күн"
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн Өзгөн район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог дарыгери Кожоев Турсунбай Өзгөн ЖДПБнын денсолукту чыңдоо кабинетинин адиси Турдуева Гулхумар, Фтизиатр дарыгери Маматкадырова Гулзина баштаган медицина кызматкерлери колледжибиздин студенттери үчүн аталган илдет боюнча маалымат беришти.
24-март кургак учук (туберкулёз) оорусуна каршы күрөшүү күнү катары белгиленет. Бул дата немис илимпозу Роберт Кох кургак учукту пайда кылган бактерияны ачкан күнгө байланыштуу.
Оору кандай жугат?
Кургак учук негизинен аба аркылуу жугат – жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөгөндө бактериялар айлана-чөйрөгө бөлүнөт.
Негизги белгилери:
2 жумадан ашык созулган жөтөл
Түнкүсүн тердөө, дененин ысышы
Табиттин жоголушу, арыктоо
Алсыздык, бат чарчоо
Алдын алуу жана дарылоо
- БЦЖ вакцинасы алуу
- Дарыгерге убагында кайрылуу
- Дары-дармектерди толук курс менен ичүү
- Иммунитетти бекемдөө
Кургак учук – дарыланса айыкчу оору! Өз убагында кам көрүп, ден соолугуңузду сактаңыз!
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде санитардык күн өткөрүлдү. Окутуучулар студенттер менен биргеликте окуу кааналарды, лаборотория, лекциялык залдарда нымдуу тазалоо жумуштары аткарылды. Ал эми Өзгөн районунун Төрт-көл айыл аймагында жайгашкан КРнын мамлекеттик туусу орнотулган "Койчу-датка комплексинин" айлана-тегериги таштандыдан тазаланды!
PS: Урматуу Ош-Бишкек унаа жолунун Ана-кызыл бөлүгөн өткөн жүргүнчүлөр жана коноктор жогороду аталган комплекске келип, токтоп, дем алып сүрөткө түшүп эле кетпсетен атайын орнотулган таштанды салынуучу чалектерге таштандыларды салып кетиңиздер деп эскертебиз!
"7-апрель Бүткүл Дүйнөлүк денсолук күнүнө" карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн спорттун кичи футбол түрү мелдеш өткөрүлдү.