Окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү

2025-жылдын 25-апрель күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 7 окутуучусу жана 3 студентти Кызыл-Кыя медициналык колледжинде академиялык мобилдүүлүктүн алкагында конок лекция окуп, тажрыйба алмашып келди.       









2024-2025-окуу жылындагы студенттердин мобилдүүлүгү
Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-2025-окуу жылынын күзгү семестрин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенти Туратбекова Назгул Кубатбековна Бишкек шаарында жайгашкан А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине окуп келди.
2024-жылдын 16-декабрынан 20-декабрына чейин Ош мамлекеттик университети менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө максатында, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтуна ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналик колледжинин окутуучулары У.Н.Бакирова жана К.Т.Раева академиялык мобилдүүлүктүн алкагында конок лекция окушту.




АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ӨЗ АРА КЕЛИШИМДЕРГЕ КОЛ КОЮЛДУ
https://umk.oshsu.kg/pages/news/10299
2019-2020-окуу жылындагы студенттердин мобилдүүлүгү
2020-2021-окуу жылындагы студенттердин мобилдүүлүгү
2021-2022-окуу жылындагы студенттердин мобилдүүлүгү
2022-2023-окуу жылындагы студенттердин мобилдүүлүгү

2026-жылдын апрель айында Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин “Фармация” адистигинин студенттери Ош аймактык медициналык колледжинде болушту. Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы өз ара кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулду.
Программанын жүрүшүндө болочок фармацевттер окуу процесси, лабораториялык иштердин жүрүшү менен жакындан таанышып, практикалык көндүмдөрүн арттырышты. Мындан сырткары, студенттер кесиптик тажрыйба алмашуу менен бирге, билим деңгээлин жогорулатууга жана жаңы чөйрөдө өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө шарт түзүлдү.
Бул демилге студенттердин кесипкөй адис катары калыптанышына жана окуу жайлар арасындагы достук, илимий байланыштардын бекемделишине багытталган.