Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жана алдын алуу боюнча окуу машыгуу планы өткөрүлдү
2024-жылдын 7-февраль күнү саат 12:00до Өзгөчө кырдаал бөлүмүмүнүн Өзгөн райондук өрткө каршы күрөшү кызматы колледжибизде өрт кырсыктарынан, жер титирөөдөн жана башка табийгый кырсыктардан коргонуу жана алдын алуу боюнча окуу машыгуу планы өткөрүлдү. Машыгуу учурунда колледжде эскертүү конгуроосу чалынып, окутуучулар жана студенттер эвакуациланды жана Райондук өрткө карыш күрөшү кызматына өрт кырсыгы катталганы боюнча билдирүү берилди. Билдирүү берилгенден кийинки 5 минута аралыгында өрткө каршы күрөшү кызматын атайын өрт өчүрүүчү унаа менен келишти. Колледждин окутуучусу тарабынан ӨКМдин кызматкерине колледждин экинчи кабатында бир студент калып кеткендиги маалымдалып, өрткө каршы күрөшү кызматынын куткаруучулары тарабынан ыкчам куткаруу иши жүргүзүлүп, экинчи кабаттан студент куткаруучулардын жардамы менен эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар учурунда кызматкерлердин жана студенттердин коопсуздугу алдын алуу максатында ӨКМдин өкүлү тарабынан инструктаж берилип, өрт өчүрүүчү балонду колдонуу эрежелери менен тааныштырды. Колледжде окуу машыгуу планы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Жарандык коргонуу боюнча окуу-машыгуу өттү
2025-жылдын 21-февраль күнү саат 10:00дө ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин башкы имаратында ай-гай жарыяланып, башкы корпустун бардык кызматкерлери жана студенттери 1минут 25 секундда коопсуз жайга чыгарылып, окуу машыгуу сабагы башталды. Окуу машыгуу сабагы Өзгөн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу боюнча бөлүмү жана өрткө каршы күрөшү кызматынын өкүлдөрүнүн тарабынан өтүлдү. Окуу машыгуу сабагында жер титирөө учурунда жаран өзүн кандай алып жүрүш экендигин ошондой эле коопсуз жайга кантип баруу экендиги айтып үйрөттү. Өрткө каршы кызматтын өкүлү болсо өрт чыккан учурда кандай чара көрүү керектигин ошондой эле өрт өчүргүчтү кантип туура колдонуу керектигин көрсөтүп берип колледжибиздин студенттин практика жүзүн өрт өчүргүчтү колдонууну да үйрөттү. Жер титирөөдө же болбосо өрт кырсыгы катталса кимге кайрылыш керектигин да айтып эскертип өттү.