Наука

Иш план 2025-2026       

Иш план

Отчет
Раева К.Т., Жаанбаева З.Н., Абдусалим кызы Сүйүмкан
"Применение лекарственных растений при отравлениях в результате непрерывной работы за компьютером"

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин "Жалпы кесиптик дисциплиналар предметтик циклынын окутуучусу К. Т. Раева, 3. Н. Жаанбаева, Ж. С. Абдырахмановалар тарабынана даярдалган«Фармакогнозия» окуу колдонмосу басмадан чыгарууга сунуштал
"МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТ.
Мамлекеттик тилге макам берилген күнгө карата Өзгөн районунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 23-сентябрь Мамлекетик тил макамын алган күн" аталышындагы райондук деңгээлдеги бул иш-чараны Өзгөн райондук маданият бөлүмү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдогу жана ар бир жарандын жашоосундагы мааниси, улуттук биримдикти бекемдөөдөгү ролу баса белгиленди. Колледждин студенттери жана маданият кызматкерлери кыргыз тилине арналган ырларды, сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулап, майрамдык маанайды арттырышты. Бул иш-чара кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалап, жаштарды анын тазалыгын сактоого жана өнүктүрүүгө үндөгөн чоң салым болду.
Өзгөн медициналык колледжинде мамлекеттик тилдин абалы жана «Сабаттуу бол» акциясы алкагында мониторинг жүргүзүлдү
Ош мамлекеттик университетинин буйругунун негизинде , атайын түзүлгөн эксперттик комиссия Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү максатында мониторинг жүргүздү.
Комиссия тарабынан окуу жайдагы төмөнкү багыттар боюнча комплекстүү иштер алып барылды:
Тил саясаты жана жарнама: Окуу имаратындагы көрнөк-жарнактардын жана маалымат такталарынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамга ылайыктуулугу.
Иш кагаздары: Ички документтердин жана буйруктардын мамлекеттик тилде туура түзүлүшү жана жүргүзүлүшү.
Студенттердин сабаттуулугу: «Сабаттуу бол» акциясынын алкагында студенттердин тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн жат жазуу иштери алынды. Комиссиянын курамы
Төрайымы: Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, п.и.к., доцент М.С. Шарипова.
Мүчөлөрү: Ф.и.к., доценттер Г.Т. Жеенбаев, К.Ж. Нармырзаева, Р.К. Ормокеева жана башка тажрыйбалуу окутуучулар.
Бул мониторинг студенттер арасында эне тилин барктоо, сабаттуу жазуу маданиятын калыптандыруу жана окуу жайдын иш кагаздарын санариптик доордо мамлекеттик тилде так жүргүзүү максатын көздөйт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуу жайдын жетекчилигине тиешелүү сунуштамалар берилди.
Бул иш-чара ОшМУнун ректору тарабынан 2026-жылдын 31-мартында бекитилген №1647-ФХД/26-буйругунун негизинде уюштурулду.

12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде мазмундуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен салтанаттуу түрдө ачылып, андан соң колледждин директорунун милдетин аткаруучу Г.А. Сулайманова куттуктоо сөз сүйлөп, улуттук адабияттын руханий баалуулугу жана жаш муундарды тарбиялоодогу орду тууралуу кеңири белгилеп өттү. Иш-чаранын программасына ылайык, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, кыргыз элинин улуу акын-жазуучуларынын адабий чыгармаларынан көркөм окуулар аткарылды. Ошондой эле улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган видео тасмалардын сынагы көрсөтүлүп, катышуучулардын чыгармачылык изденүүсү жана көркөм ой жүгүртүүсү жогору бааланды.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттер жана командалар колледждин директору тарабынан баалуу белектер, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.



2026-жылдын 21-февралында Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде "21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө" карата студенттер арасында интеллектуалдык оюн уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен расмий ачылды. Интеллектуалдык оюн заман талабына ылайык Kahoot санариптик платформасы аркылуу өткөрүлүп, катышуучулар кыргыз, орус жана англис тилдери боюнча билим деңгээлдерин көрсөтүштү.
Колледждин директору Сулайманова Гульсана Абдибаитовна куттуктоо сөз сүйлөп, эне тилдин улуттук баалуулук катары ордун баса белгиледи. Ошондой эле директордун тарбия иштери боюнча орун басары Элназар Сагыналиевич Каримбаев иш-чаранын маанисине токтолуп, студенттерге ийгилик каалады.
Иш-чара ЖГСЭД ПЦК төрайымы Жумалиева Роза Ормоновнанын жетекчилиги алдында кыргыз, орус жана англис тилдери дисциплиналарынын окутуучулары тарабынан жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Өткөрүлгөн интеллектуалдык оюн студенттердин тил маданиятын өркүндөтүүгө, көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана билим сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чара болду.