060102 Акушердик иши

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Негизги билим берүү программасы (НББП) ушул багыт боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун максаттарын, күтүлүүчү натыйжаларын, билим берүү процессин ишке ашыруунун технологияларын жана шарттарын, баалоонун сапатын камтыган окуу планын, окуу курстарынын жумушчу программаларын, предметтерди, дисциплиналарды (модулдарды), студенттерди даярдоонун сапатын камсыздаган жана башка материалдарды, андан сырткары окуунун календардык графигин жана тиешелүү билим берүү технологияларын ишке ашырууну камтыган усулдук материалдарды жөнгө салат.

060102 “Акушердик иши” орто кесиптик билим берүүнүн (ОКББ) негизги кесиптик билим берүү программасы (НКББП) Кыргыз республикасынын билим берүү мыйзамына, мамлекеттик билим берүү стандартына (2018ж. долбоор), нормативдик укуктук актыларына (03.02.2004 ж. №53) жана орто кесиптик медициналык билим берүү жоболорунун негизинде, кесиптик билим берүү тармагында ишкердигин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиияга ( №LC 140000187) таянып түзүлдү.

060102 “акушердик иши” адистиги боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын (НКББП) медициналык колледжиндеги адистикке түзүлгөн жумушчу топ тарабынан окуу жайдын мыйзамына ылайык, ченемдик-укуктук актыларынын негизинде иштелип, аныкталат. НКББП педагогикалык кеңеште талкууланып, ОшМУнун окумуштуулар кеңешинде бекитилген тартипте күчүнө кирет.

НКББП ушул багыт боюнча аныкталган максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, алардын мазмуунун, билим берүү процессин реализациялоодо колдонулган технологияларды жана шарттарды, бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо сапатын баалоону регламенттештирет.

НКББП жыл сайын илимдин, техниканын, маданияттын, экономиканын, технологиялардын, социалдык чөйрөнүн өсүүсүн жана кызыктар тараптардын мониторингин эске алуу менен окуу пландагы дисциплиналардын же жумушчу программанын мазмуунунун, окуу-өндүрүштүк практикалардын программаларынын, методикалык материалдардын, билим берүү технологиялардын өзгөрүшүнө ылайык жаныланып турат.

2. НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ИШ-КАГАЗДАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛЫШЫ ЖАНА СТРУКТУРАСЫ

1. Нормативно-правовая база ООП

2. Общая характеристика ООП

3. Документы, регламентирующие содержание и организацию учебного процесса по ООП

НОРМАТИВНО - ПРАВОВАЯ БАЗА ООП

– Закон Кыргызской Республики «Об образовании» от 30.04.2003 г. №92; (с изменениями и дополнениями по состоянию на 01.12.2016 г.);

Сборник нормативных документов по применению ECTS в Кыргызской Республике (приказ Министерства образования и науки КР от 6.08.2009 №824/1);

Постановление Правительства КР от 23 августа 2011 года №496 "Об установлении двухуровневой структуры высшего профессионального образования в Кыргызской Республике"

–Положение об организации учебного процесса на основе кредитной технологии обучения (ECTS). (Бюллетень №18 Ошского государственного университета. от 30.08.2012 г.);

  • Приказ Министерства образования и науки Кыргызской Республики «Об утверждении государственных образовательных стандартов высшего профессионального образования» от 15 сентября 2015 г., № 1179/1;
  • Государственный образовательный стандарты высшего профессионального образования по направлению подготовки (специальности) ___________, утверждённый Приказом Министерства образования и науки Кыргызской Республики от 15 сентября 2015 г., № 1179/1;
  • Устав Ошского государственного университета Министерства образования и науки Кыргызской Республики.
  • Локальные нормативно-правовые акты ОшГУ, регулирующие

образовательный процесс.

2.2. НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МҮНӨЗДӨМӨСҮ .

2.2.1. НКББПнын максаты жана күтүлүүчү натыйжалары

2.2.2. НКББПнын максаттарына окутуунун натыйжаларынын дал келүүсүнүн матрицасы

2.2.3. НКББПнын компетенциялар матрицасы

2.2.4. НКББПны өздөштүрүү мөөнөтү

2.2.5. НКББПны өздөштүрүүдө жалпы эмгек сыйымдуулугу

2.2.6. НКББПнын бүтүрүүчүлөрүнө эмгек рыногунун керектөөлөрү жана анализи

2.2.7. Билим берүү кызматын көрсөтүү рыногунун көз карашы боюнча НКББПнын өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын баяндоо

2.2.8. Абитуриенттерге коюлган талаптар

2.2.9. НКББПнын кадрлар менен камсыздалышы

2.2.10. НКББПны ишке ашырууда материалдык-техникалык жана финансылык (каржылык) шарттары

2.2.11. Эмгек рыногу жана негизги жумуш берүүчүлөр менен байланышы

Акушердик иши адистигинин максаттары:

1-Максат: Кесиптик ишмердүүлүктө гуманитардык, табигый жана так илимдерди, билим-билгичтик көндүмдөрдү пайдаланып, маселелерди чече алган компетенттүү адистерди даярдоо.

2-Максат: Мамлекеттин өнүгүүсүндө интеллектуалдык позициясын жүзөгө ашыра алган, коммуникабелдүү, толерантуу кадрларды даярдоо.

3-Максат: Нормативдик иш-кагаздардын талабына ылайык медайымдын ишинин негиздерин пайдаланып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, профилактикалык, санитардык-агартуу иштерин жүргүзгөн адистерди даярдоо.

4-Максат: Аялдарга акушердик-гинекологиялык, антенаталдык, перинаталдык жана постнаталдык жардам берип, татаалдашууларда, кырдаалга жараша жыйынтык чыгарып, шашылыш акушердик жардам көрсөтө алган акушерлерди даярдоо;

060102 «Акушердик иши» программасынын максаттарына ылайык келген, жалпы жана кесиптик компетенцияларды калыптандырып, билим-билгичтик, көндүмдөрдү эске алуу менен аныкталган окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:

ОН -1 . Гуманитардык, табигый жана так илимдерден алган билимдерин өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно билет.

ОН-2. Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматты, инновациялык технологияны пайдаланат.

ОН-3. Медицинанын базалык билимин кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдаланат.

ОН-4. Дени сак жашоону уюштуруп, жамаатта иштей алат.

ОН-5. Акушердик ишинде уюштуруу - башкаруу иштерин алып барат.

О Н-6. Физиологиялык кош бойлуулукта, төрөттө, төрөттөн кийинки мезгилде аялга жана жаңы төрөлгөн ымыркайга профессионалдык деңгээлде акушердик жардам көрсөтө алат.

ОН-7. Патологиялык кош бойлуулукта, төрөттө, төрөттөн кийинки мезгилде аялга жана жаңы төрөлгөн ымыркайга шашылыш акушердик жардам бере алат.

ОН-8. Гинекологиялык ооруларда, үй-бүлөөнү пландаштырууда өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде медициналык жардам көрсөтө алат.

ОН-9. Экстрагениталдык ооруларда дарыгердин көрсөтмөсү менен бейтаптарды диагностикалык изилдөөлөргө даярдайт жана дарылоо процедураларын аткарат.

ОН-10. Курч кармаган ооруларда, өзгөчө кырдаалдарда, кырсык болгон учурда жана эпидемияда дарыгерге чейинки медициналык жардамды көрсөтө алат.

АДИСТИГИ БОЮНЧА ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫН ДАЛ КЕЛИШИ

ОКН

Мазмуну

Компетенциялар

ОКН1

Гуманитардык, табигый жана так илимдер боюнча алган билимдерин өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно билет.

ЖК -10: Социалдык баарлашуу денгээлинде бир чет тил билүү.

ЖК -11: Социалдык баарлашуу денгээлинде бир чет тил билүү.

ЖК -14: Калктын тарыхый мурастарына, салтына аяр мамиле жасап, социалдык, маданий жана диндик өзгөчөлүктөрүн сыйлоо.

ККК-4: Кесиптик ишмердүүлүктө грек-латын тилинде медициналык терминологияны колдоно билет.

ОКН2

Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматты, инновациялык технологияны пайдалануу жөндөмүнө ээ болот.

ЖК -1: Өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруп, кесиптик маселелерди чечүүнүн жолдорун жана ыкмаларын тандап, натыйжалуулугун жана сапатын баалай билүү.

ЖК -3: Жеке жана кесиптик өнүгүүдө, кесиптик маселелерди далилденген медицинанын негизинде натыйжалуу жүзөөгө ашырууда маалыматты изденип, түшүндүрүп колдоно билүү

ЖК -4 : Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдоно билүү.

ЖК -9: Маалыматты анализдеп, жалпылап кабыл алып, максатты коюп жана жетишүү жолдорун тандоо.

ЖК -12: Глобалдык түйүндөрдө жана маалымат системасында компьютер менен иштеп, маалыматтарды түрдүү жолдор менен алып, сактап кайрадан иштетүүгө жөндөмдүү.

ОКН3

Медицинанын базалык билимин кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдаланат.

ККК-1: Кесиптик ишмердүүлүктө адам анатомиясын физиологиясын жана жалпы патологиясынын негиздерин билүү жөндөмү.

ККК-2: Дары каражаттарынын таасир этүү механизмин билүү жөндөмү.

ККК-3: Кесиптик ишмердүүлүктө грек-латын тилинде медициналык терминологияны колдоно билет.

ОКН4

Дени сак жашоону уюштуруп, жамаатта иштей алат.

ЖК -5 : Жамаат менен иш алып баруу, кесиптештер, кардарлар жана жетекчи менен натыйжалуу баарлашуу.

ЖК -6: Жумуш ордунда жамаат мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн жоопкерчилигин алуу жана аларды үйрөтө билүү.

ЖК -7 : Өзүн өзү башкарууда жана кесиптик өнүгүүдө өзгөрүүлөргө көнө билүү.

ЖК -13 . Уюштуруу иштерин иштеп чыгууга катышуу.

ЖК -15: Жамаат менен иштөөгө жөндөмдүү.

ЖК -16 . Дени сак жашоо, айлана чөйрөнү коргоо жана анын ресурстарын пайдалануу үчүн зарыл болгон билимдерин колдоно билүү.

ОКН5

Акушердик ишинде уюштуруу - башкаруу иштерин алып барат.

ЖК -2: Стандарттык жана стандарттык эмес кырдаалда чечимди кабыл алып, демилге киргизүү жана жоопкерчиликти сезе билүү.

ЖК -8: Кичи жамаатта уюштуруучулук-башкаруучулук жумуштарга даяр болуу.

КК 6.1. Акушердик-гинекологиялык жардамдын сапатын жана майнаптуулугун текшерүү.

КК 6.2. Медициналык жана уюштуруучулук документтери менен иштөө.

КК 6.3. Медициналык кызматкердин ишмердүүлүгүн текшерүү.

КК 6.4. Саламаттыкты сактоо уюмунун материалдык баалуулуктарын эсептөө жана рационалдуу колдонуу.

КК 6.5. Саламаттыкты сактоо уюмунда дары каражаттарын текшерүүнү уюштуруу.

КК 6.6. Орто медициналык кызматкердин квалификациясын жогорулатуу иштерин пландоо жана уюштуруу.

ОКН6

Физиологиялык кош бойлуулукта, төрөттө, төрөттөн кийинки мезгилде аялга жана жаңы төрөлгөн ымыркайга профессионалдык деңгээлде акушердик жардам көрсөтө алат.

КК 1.1. Кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө жана төрөгөн аялдарды үйүнөн кабар алуу.

КК 1.2 . Кош бойлууларды физиопсихопро-филактикалык жактан төрөткө даярдоо, кош бойлуу учурда, төрөттө жана төрөттөн кийинки кездешүүчү бертинүүлөрдөн алдын алуу. КК 1.3. Клиникалык протоколдун негизинде физиологиялык кош бойлуулукта, төрөттө жана төрөттөн кийинки убакытта аначылык жардам көрсөтүү.

КК 1.4. Физиологиялык төрөт учурунда аначылык көмөгүн колдонуу.

КК 1.5. Ымыркайды тазалоо, баалоо, кам көрүү жана ата-энелерди кам-көрүүгө үйрөтүү.

КК 1.6. Клиникалык протоколодун негизинде жардам көрсөтүү

КК 1.7. Энени жана баланы коргоо маселелери боюнча кенеш берүү.

КК 1.8. Медициналык камсыздандыруу жөнүндө маалымат берүү.

ОКН7

Патологиялык кош бойлуулукта, төрөттө, төрөттөн кийинки мезгилде аялга жана жаңы төрөлгөн ымыркайга ыйгарым укуктарынын чегинде шашылыш акушердик жардам бере алат.

КК 4.1. Аначылык жана экстрагениталдык кабылдоосу бар кош бойлууларды, төрөөчү жана төрөгөн аялдарды диагностикалык изилдөөлөрдөн өткөрүү.

КК 4.2. Кош бойлуулуктун бертинүүлөрүндө аначылык жана экстрагениталдык кабылдоосу бар кош бойлууларга, төрөөчү, төрөгөн жана төрөгөндөн кийинки аялдарга жардам көрсөтүү. КК 4.3. Аначылык жана экстрагениталдык кабылдоосу бар кош бойлууларга, төрөөчү, төрөгөн жана төрөгөндөн кийинки аялдарга дарыгерге чейинки жардамды көрсөтүү.

КК 4.4. Аначылыктагы бертинүүлөрдө тынымсыз кароо.

КК 4.5. Ыйгарым укуктарына ылайык аначылык манипуляцияларын аткаруу жана дарыгерге ассистент болуу. КК 4.6. Төрөт учурунда аначылык оперцияларын аткаруу (чаттын айрылышын тигуу ж.б. функционалдык милдеттерине жараша).

КК 4.7. Бейтапка жана өзүнө кам көрүү жөнүндө бейтаптарга жана алардын үй-бүлөөсүнө маалымат берүү.

ОКН8

Гинекологиялык ооруларда, үй-бүлөөнү пландаштырууда өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде медициналык жардам көрсөтө алат.

КК 3.1. А ялдардын жашоосундагы профилактикалык кароолорду жана диспансердик көзөмөлдөрдү уюштуруу.

КК 3.2. Дарыгердин көзөмөлүнүн алдында гинекологиялык бейтаптарды өз убагында изилдөөлөрдөн өткөрүү жана алдын алуу.

КК 3.3. Ыйгарым укуктарына ылайык өз алдынча медициналык манипуляцияларды аткаруу.

КК 3.4. Ө з алдынча гинекологиялык бейтаптарга профилактикалык жардам көрсөтүү.

КК 3.5. Гинекологияда чукул кырдаалда дарыгерге чейинки жардамды көрсөтүү.

КК 3.6. Операцияга чейин жана операциядан кийин кам көрүү.

КК 3.7. Ү й-бүлөөнү пландаштыруу жана репродуктивдүү системасын чындоо жана сактоо маселелери боюнча маалымат берүү.

ОКН9

Экстрагениталдык ооруларда дарыгердин көрсөтмөсү менен бейтаптарды диагностикалык изилдөөлөргө даярдайт жана дарылоо процедураларын аткарат.

КК 2.1. Дарыгердин көзөмөлүнүн алдында диагностикалык, профилактикалык жана санитардык-агартуу иштерин аткаруу. КК 2.2. Дарыгердин көзөмөлүнүн алдында наристенин физикалык жана психикалык жактан мерттенүүлөрүн табуу, кам көрүү, дарылоо-диагностикалык жана профилактикалык иш-чараларды аткаруу.

ОКН10

Курч кармаган ооруларда, өзгөчө кырдаалдарда, кырсык болгон учурда жана эпидемияда дарыгерге чейинки медициналык жардамды көрсөтөт жана үйрөтөт.

КК 2.3. Курч мерттенүүлөрдү, күтүүсүз окуяларда, кооптуу кырдаалдарда жана эпидемияларда дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү.

КК 2.4. Башка уюмдар менен биргеликте калкка биринчи медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө маалымат берүү жана үйрөтүү.

2.2.2. НКББПнын максаттарына окутуунун натыйжаларынын дал келүүсү.

Окутуунун жыйынтыктары

Максат 1

Максат 2

Максат 3

Максат 4

1

Гуманитардык, табигый жана так илимдер боюнча алган билимдерин өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно билет.

+

2

Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматты, инновациялык технологияны пайдалануу жөндөмүнө ээ болот.

+

3

Медицинанын базалык билимин кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдаланат.

+

4

Дени сак жашоону уюштуруп, жамаатта иштей алат.

+

5

Акушердик ишинде уюштуруу - башкаруу иштерин алып барат.

+

6

Физиологиялык кош бойлуулукта, төрөттө, төрөттөн кийинки мезгилде аялга жана жаңы төрөлгөн ымыркайга профессионалдык деңгээлде акушердик жардам көрсөтө алат.

+

7

Патологиялык кош бойлуулукта, төрөттө, төрөттөн кийинки мезгилде аялга жана жаңы төрөлгөн ымыркайга ыйгарым укуктарынын чегинде шашылыш акушердик жардам бере алат.

+

8

Гинекологиялык ооруларда, үй-бүлөөнү пландаштырууда өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде медициналык жардам көрсөтө алат.

+

9

Экстрагениталдык ооруларда дарыгердин көрсөтмөсү менен бейтаптарды диагностикалык изилдөөлөргө даярдайт жана дарылоо процедураларын аткарат.

+

10

Курч кармаган ооруларда, өзгөчө кырдаалдарда, кырсык болгон учурда жана эпидемияда дарыгерге чейинки медициналык жардамды көрсөтөт жана үйрөтөт.

+

060102 «Акушердик иши» адистигинин окуу планы, жумушчу окуу планы, окуу процессинин графиги.

2.2.3. Н К ББПнын компетенциялар матрицасы

2.2.4. НКББПны өздөштүрүү мөөнөтү

НКББПны өздөштүрүүсүнүн нормативдүү мөөнөтү жалпы орто билим берүү базасында – 2 жыл 10 ай.

2.2.5. НКББПны өздөштүрүүдө жалпы эмгек сыйымдуулугу 180 кредиттен (зачеттук бирдиктен) кем эмес.

Адистерди даярдоодогу ОКББ НББПны өздөштүрүүнүн жалпы эмгек сыйымдуулугу 180ден кем эмес кредитке барабар.

Күндүзгү окуу формасы боюнча бир окуу жылындагы ОКББ НББПнын эмгек сыйымдуулугу 60 кредиттен (зачеттук бирдиктен) кем эмес.

Окуу процессин эки семестрлик иретте уюштурууда бир окуу семестринин эмгек сыйымдуулугу 30 кредитке (зачеттук бирдикке) барабар.

Бир кредит (зачеттук бирдик) студенттин окуу ишинин 30 саатына эквиваленттүү (анын аудиториялык, өз алдынча ишин жана аттестациянын баардык түрлөрүн кошкондо).

2.2.6. НКББПнын бүтүрүүчүлөрүнө эмгек рыногунун керектөөлөрү жана анализи

Потенциалдуу иш берүүчүлөр - билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрүн керектөөчүлөр жөнүндө маалыматтар:

Ф.И.О

Должность

Номер тел.

1

Джусупов Сатар Сайпиевич

Өзгөн аймактык оорукананын директору

2

Арыкова Нуржамал Турганбаевна

Өзгөн аймактык оорукананын директордун дарылоо боюнча орун басары

3

Нуржанова Гульзада Кадырбековна

Өзгөн аймактык оорукананын директордун мээрбандар иши боюнча орун басары

4

Абдешова Шарапат Тынысовна

Өзгөн аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчысы

5

Таштанова Нуркан Шатмановна

Өзгөн аймактык оорукананын аялдар бөлүмүнүн бөлүм башчысы

6

Мамасадыкова Бермет Алайбековна

Өзгөн райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору

7

Дукенбаева Зылийха

Өзгөн райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директордун орун басары

8

Темирова Январай

Өзгөн райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №5 ҮБДТнын башчысы, акушер-гинеколог

9

Кармышакова Чынара Ташполотовна

Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору

10

Полотбекова Зуура Араповна

Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №1 ҮБДТнын акушер-гинекологу

11

Садыкова Айнагүл Жумаевна

Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары

12

Жээнтаева Айнагүл Пазыловна

Кара-Кулжа районунун М.Жунусов атындагы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчысы

13

Жээнтаева Минура

Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №3 ҮБДТнын акушер-гинекологу

14

Кудайбердиева Бүбатма Рахманбердиевна

Мырза-Аке ЖДПБнын директору

Потенциалдуу иш берүүчүлөрдүн кадрларга – НКББПнын бүтүрүүчүлөрүнө керектөөлөрүнүн анализдегенде төмөндөгүдөй сунуштар аныкталды:

- Келечектеги акушерлерге теориялык жана практикалык сабактарда инфекциондук көзөмөл маселесине көнүл бөлүнсө

- Бейтап менен мамиле жасоодо жана кабыл алууда консультациянын принциптерин туура жана толук колдонууну баардык дисциплинада практикаланса

- Акушердик шашылыш кырдаалда кечиктирилгис жардам көрсөтүүнү ар бир студентке маанилүү жана жооптуу экенин жеткизилсе

- Медициналык манипуляциялар стандаттардын жана приказдардын негизинде аткарылгандыгын имитациялык сабактар менен көндүмдөрдү бышыктаса

- Клиникалык протоколдор менен тааныштырылса

- Электрондук медицина окутулса

- Көндүмдөрдү бышыктоо үчүн окуу-өндүрүштүк практиканын мөөнөтү узартылса

- Иш кагаздарды туура жазуу эрежелерине көнүл бөлүнсө

2.2.8. Абитуриенттерге коюлган талаптар

ОшМУнун ӨЭАМКнын орто кесиптик билим берүү программасына кабыл алуу КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53-токтому жана КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы №470-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү уюмдарынын билим берүү ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу нормативдүү-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” КРнын кесиптик орто билим берүү уюмдары жөнүндө Жобосуна ылайык, ОшМУнун абитуриенттерди кабыл алуу жөнүндөгү жобосунун жана эрежелеринин негизинде жүргүзүлөт.

Окууга кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт жана ага КРнын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, КРнын территориясында дайыма жана убактылуу жашап жаткан жалпы орто билими бар (11-класстын базасында), орто кесиптик жана жогорку билими бар (диплом) жарандар кабыл алынат.

ОшМУнун кабыл алуу комиссиясы орто кесиптик билим берүү боюнча 11-класстын базасында, талап кылынган документтердин негизинде бланкалык тестирлөө аркылуу иргелип, кабыл алынат. Кабыл алуу комиссиясынын ишмердүүлүгү ЖОЖ тарабынан бекитилген жобонун негизинде ОшМУнун сайтынын жана AVN ИС (AVN №25) жардамында жүргүзүлөт. Экзамендик баракчаларды даярдоо, тест жыйынтыктарын текшерүү AVN автоматташтырылган ИС жардамында калыс, тез жана объективдүү өткөрүлөт. Бардык кызыкдар тараптар үчүн кабыл алуу процесси, критерийлери жана эрежелери жеткирүү максатында маалыматтар сайтка жайгаштырылган ( https://base.oshsu.kg/univer/?lg=1&id_parent=884 ).

2.2.9. НКББПнын кадрлар менен камсыздалышы

2.2.10. НКББПны ишке ашырууда материалдык-техникалык жана финансылык (каржылык) шарттары.

Колледж окуу процессин камсыздоо үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базага ээ. Азыркы учурда Өзгөн медициналык колледжинде материалдык-техникалык базасы 2 имаратта жайгашкан. Ар тараптуу келишимдердин негизинде жыл сайын кеңейтилип жалпы аянты 7755 м2 аянтка жеткен. Ошондой эле аймактык оорукананын бөлүмдөрүндө, Өзгөн үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунда окуу кабинеттери жайгашкан.

1 студентке жалпы аянттан 16м2 дал келет (нормада 8м2 ). Окуу кааналары жана клиникалык кабинеттер окуу планына ылайык талапка жооп берет. Андан сырткары, компьютердик класс, электрондук китепкана, көз карандысыз тестирлөө борбору түзүлүп заманбап компьютерлер менен жабдылган. Жаңы технологиялар менен сабак өтүү максатында 3 аудиторияга интерактивдүү доска орнотулуп, студенттердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Колледждеги технологиялык борбордун компьютерлери «Internet» тармактарына жана Wi-Fi туташтырылган. Студенттер бүткүл дүйнөлүк информациялык мейкиндиктеги кабарлар менен таанышып, электрондук китептерден пайдаланып, мультимедиялык технологиялар аркылуу терең билим алышат.

Колледжде клиникага жакындатылган моделде тиш дарылоо борбору, реанимациялык, кабыл алуу бөлүмү, процедуралык, ымыркайга биринчи жардам көрсөтүү, фармацевтикалык жана тиш жасоочу лаборатория түзүлгөн. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Өзгөн медициналык колледжинин алдында клиникалык борбор ачылган. Азыркы кезде клиникага Кытай Эл Республикасы, Германиядан, Россиядан ж.б. жаңы үлгүдөгү медициналык аппараттар алынып келинип, студенттердин терең билим алуусуна көмөктөш болуу менен бирге оорулууларга да пайдасы тийүүдө. Ал жерде массаж, аптека, физиотерапиялык кабинеттер керектүү инструменттер менен жабдылган.

Студенттер ар бир сессиянын аягында клиникада, бейтапканаларда, дары жасоо мекемелеринде практика өткөрүшүп алган билимдерин бекемдешет. 2012-жылы Өзгөн медициналык колледжи жаңы медициналык тренажер, муляж менен камсыздалып, медициналык тренажердук зал иштеп жатат. Колледждин башкы корпусунда спорттук машыгуу зал уюштурулган.