060108 Фармация

1. НББПнын жалпы жоболору

Негизги кесиптик билим берүү программасы.

1. Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин 060108 “Фармация” адистигинин “фармацевт” квалификациясынын негизги билим берүү программасы (НББП) Мамлекеттик орто кесиптик билим берүү стандартынын талаптарын реализациясын камсыздайт.

НББПы 060108 “Фармация” багытынын МОКББСнын негизинде иштелип чыгылган нормативдик - усулдук материалдын системасы.

1.2. Терминдер жана аныктамалар

          Азыркы орто кесиптик билим берүү мамлекеттик стандартында  Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү багытындагы "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык  кабыл алынган терминдер жана аныктамалар колдонулат. 

- негизги билим берүү программасы - максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, тийиштүү адистик боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-методикалык документтердин жыйындысы;

- сабактардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бир бөлүгү же окуу сабактарынын жыйындысы;

- модул - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон окуу сабактарынын бөлүгү;

- компетенция - тийиштүү тармакта кесиптик иш менен алектенүү үчүн зарыл болгон жекече сапаттардын, билимдердин, ыктардын жана көндүмдөрдүн динамикалуу комбинациясы;

- кредит (зачеттук бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу ченеми;

- окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окутуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар.

НББПнын нормативдик укуктук базасы

НББПнын иштеп чыгууда Өзгөн эл аралык медициналык колледжи төмөнкү нормативдик иш кагаздарын колдонмо катары пайдаланат:

- «Билим берүү жөнүндө” (2003-жылдын 30- апрелиндеги № 92 кезектеги редакциясы) Кыргыз Республикасынын Закону

- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасында иштелип чыккан “Ден соолук” улуттук программаны реформалоо 2012 – 2016- жылдары түзүлүп, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын улуттук программасын реформалоосун улантуучу болуп саналат.

КР өкмөтүнүн токтому 24- май 2012- ж № 309 бекитилген “Манас” (1996-2005- жж.) жана “Манас таалими” (2006-2011- жж.) бекитилген.

- Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу актысы боюнча 2018-жылдын 28- мартындагы №160- токтому

- Кыргыз Республикасынын башкаруу кызматында жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн нормативдик – укуктук актысы 2012- жылдын 29- майында КР өкмөтүнүн № 346 токтому менен бекитилген.

- Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу актысы боюнча 2018-жылдын 28- мартындагы №160- токтомуна карата 2018-жылдын 13- апрелиндеги 443/1 буйругу, 3-ноябрдагы №1356/1 кошумча өзгүртүү буйругу.

- Кыргыз республикасынын билим жана илим министирлигинин 2018- жылдын 28- августунда №3019 токтомунда «060108 Фармация» багыты боюнча окуу планынын бекитилген үлгүсү.

- Кыргыз республикасынын билим жана илим министирлигинин 2015- жылдын 15- сентябрда № 1179/1 “Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” буйругу.

- Кыргыз Республикасынын “Дары каражаттары жөнүндө закону” 30.04.2003-ж., №91.

-“ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дары политикасы” жөнүндөгү 12.01.2007-ж, №11 токтому.

- медицинада колдонулуучу дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү”, 2011-жыл 6-апрелдеги №137 техникалык реглементи.

- “ Дарыканада жасалуучу дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү”, 2012-жыл, 26-май №320 техникалык регламенти.

-060108 “Фармация” багытнын Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору.

- Кыргыз республикасынын билим жана илим министирлигинин Ош МУнун Уставы.

- Ош МУнун билим берүү процессинин локалдык нормативдик – укуктук актылары.

- Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин, Советтин, усулдук жана педагогикалык кеңештин, практиканын жоболору.

- Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин “060108 Фармация” адистигине 2018 – 2019- жылга окуу планы

1. Максаты, күтүлүүчү натыйжалар. Негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө талаптар (компетенциялар коду менен, КОББ тарабынан толукталган компетенциялар өзүнчө бөлүм).

Ош мамлекеттик универститетинин Миссиясы

- Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо, билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу,жаштарда адептик,маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу.

- Мамлекеттин экономикалык,социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.

- Борбордук Азиядагы эң мыкты 5 университеттин катарына кирүү.

060108 “Фармация” билим берүү программасынын максаты:

1 максат Гуманитардык табигый жана так илимдерди, билим билгичтик көндүмдүрдү пайдаланып маселелерди чече алган компетенттүү адистерди даярдоо.

2 максат Мамлекеттин өнүгүүсүндө интеллектуалдык позициясын кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган коммуникабелдүү, толеранттуу кадрларды даярдоо.

3 максат Нормативдик иш кагаздарынын негизинде сапаттуу дары каражаттарын жасаган фармациянын ишмердүүлүгүн уюштура алган адистерди даярдоо.

1. НББПнын жалпы мүнөздөмөсү

1.1. НББПны өздөштүрүү мөөнөтү.

Шифр

Багыты

Квалификациясы

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Зачеттук бирдиги

1

060108

Фармация

Фармацевт

күндүзгү

2 жыл 10 ай

48

1.2. 060108 “Фармация” багытынын НББПсынын эмгек сыйымдуулугу 180 кредит.

Ар бир окуу жылына эмгек сыйымдуулугу 60 кредитти түзөт. Бир семестрге 30 кредит 8 экзамен. Бир кредит студенттин окуу ишинин 30 саатына барабар. НББПны өздүштүрүү эмгек сыйымдуулугу 180 кредитти түзөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: студенттин аудиториялык жана өз алдынча иштерин (159 кредит), практикасын (15 кредит) жана студент тарабынан НББПны өздүштүрүү сапатын контролдоого бөлүнгөн убакытты (мамлекеттик аттестациянын бардык түрлөрү- 6 кредит).

1.3.Абитуриентке болгон талаптар:

060108 "Фармация" багытынын негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө атайын орто билимдүү, жогорку билимдүү, орто кесиптик билимдүү, негизги кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган абитуриенттерге уруксат берилет.

Абитуриентте мамлекеттик үлгүдөгү төмөнкү документтердин бирөө болушу зарыл:

- Атайын орто билим боюнча аттестат;

- Орто кесиптик билими боюнча диплом;

- Жогорку билими жөнүндө диплом.

2. 060108 “Фармация” багытынын НББПсынын бүтүрүүчүсүнүн м одели

2.1. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракети (ишмердүүлүгү).
060108 «Фармация» адистиги боюнча бүтүрүүчү кесиптик ишмердигинде  фармацевт катары калкты дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылууга, өндүрүүгө, дары-дармектердин сапатын жана алардын чыгышын көзөмөлдөөгө, дарыканалардын уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, аларда маалыматты жайылтуу жана уюштуруу иштерин өткөрүүгө даяр болушу керек. 
2.2.Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн обьектилери:
-          дары каражаттары;
-          дары өсүмдүк чийки заттары;
-          жардамчы материалдар;
-          дарыкана шартында дары препараттарын жасоодо колонулучу жабдуулар;
-          дарыканада ички көзөмөлдөөнү жүргүзүүдө колдонуучу аппараттар, приборлор, химиялык реактивдер;
-          жабдып туруучулар жана колдонуучулар;
-          фармацевтикалык мекемелерди өндүрүш, соода жана маалымат ишмердүүлүгүн нормативдик укуктун негизинде камсыздоо;
-          биринчилик эмгек жамааты.

2.3. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракетинин түрлөрү.
060108 «Фармация» адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракетинин түрлөрү:

- өндүрүштүк;

- информациялык.


2.4.Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракетиндеги милдеттери.
060108 «Фармация» адистиги боюнча бүтүрүүчү кесиптик ишмердигине ылайык төмөнкү кесиптик маселелерди чечүү керек
Өндүрүштүк:
- жеке рецепт боюнча, саламаттык сактоо уюмдарынын талаптарына ылайык жана ички дарыкана даярдоо түрүндө,  анын ичинде асептикалык шарттарда  дарынын формаларын жасоо;
- идиштерди жана жардамчы материалдарды стерилдөө;

- титранттык эритмелерди даярдоо

- тазаланган суу алуу;

-нормативдик документтердин талаптарына ылайык дары-дармек жана медицинада колдонуучу каражаттарды сактоону уюштуруу;
- биринчилик эсеп кысапты жүргүзүүнү;
- жөнөтүүчүлөрдөн товарды кабыл алуу жана аларга баштапкы көзөмөл жүргүзүү;
- дары каражаттарын жана медицинада колдонуучу каражаттарды рецепт жана рецептсиз калкка берүү;

- дары каражаттарын сактоо мөөнөтүн контролдоо

Информациялык:
- дарыканаларда сатылган  товаралардын ассортименттери,  колдонуу касиеттери, кабыл алуу, жөнөтүү жана үй шартында сактоо эрежелери  менен калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын маалымдоо.

3. 060108 “Фармация” багытынын НББПсын өздөштүрүүнүн натыйжасында калыптануучу бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары

Компетенция

Мазмуну

а) Жалпы компентенциялар:

ЖК1

Кесиптик маселелерди аткаруу жолдорун жана усулдарын тандоо, алардын сапатын, эффективдүүлүгүн баалап, жеке ишмердүүлүгүн уюштуруу

ЖК2

Ар кандай үлгүлүү жана үлгүлүү эмес кырдаалда чечимди кабыл алып, инциативаны көрсөтүп, жоопкерчиликтүү болуу

ЖК3

Инсандык жана кесиптик өнүгүүдө, кесиптик маселелерди аткарууда зарыл болгон тастыкталган медицинанын негизинде издөө, интерпретациялоо жана маалыматты пайдалануу

ЖК4

Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонуу

ЖК5

Жетекчилик, кесиптештер, клиенттер менен эффективдүү баарлашууга, топтоо иштөө жөндөмү.

ЖК6

Топ мүчүлөрүнүн иш аракеттерине, аларды үйрөтүүгө жана аткарган иш аракеттеринин жыйынтыктарына жоопкерчиликти алуу.

ЖК7

Кесиптик ишмердүүлүктө эмгек шартынын өзгөрүүлөрүнө калыптанып, кесиптик өнүгүү жана өзүн өзү башкаруу.

ЖК8

Ооз эки сүйлөөдө мендициналык терминологияны сабатуу колдонуу, грек –латын терминдерине ээ болуу.

ЖК9

Информацияны анализдеп, жалпылап кабыл алып, максатты коюп жана жетишүү жолдорун тандоо

ЖК10

Мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу сүйлөмдөрүн логикалык туура, аргументтүү жана ачык-айкын түзүүгө жөндөмдүү

ЖК11

Социалдык баарлашуу деңгээлинде бир чет тилин билүү.

ЖК12

Корпаративдик маалыматтарда жана компьютердик сеттерде маалыматты башкаруу каражаты катары компьютерде иштөө ыкмаларына, маалыматты алуу сактоо, кайра иштетүү негизги усулдарына ээ.

ЖК13

Уюштуруу иштерин иштеп чыгууга катышуу

ЖК14

Тарыхый мурастарды, калктын социалдык, маданий жана регилиоздук салттарына айяр мамиле кылуу

ЖК15

Жамаатта иштөө жөндөмү

ЖК16

Табийгатты коргоодо, рессурстарды рационалдуу пайдаланууда, дени сак жашоо үчүн алган билимин колдонуу жөндөмдүү.

б) кесиптик компентенциялар:

5.1.2. Дарыкана товарларынын ассортименттерин жана дары каражаттарын реализациялоо.

КК 1.1.

Нормативдик-укуктук базанын талаптарына ылайык, дары каражаттарын, дары өсүмдүк сырелорун жана дарыкана товарларынын ассортименттерин сактоону жана кабыл алууну уюштуруу

КК 1.2.

Калкты дары каржаттары менен тейлөөдө, жеңилдик рецептери жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин талаптары менен берүү.

КК 1.3.

Медицинада керектелүүчү каражаттарды жана башка дарыкана ассортименттерин сатуу

КК 1.4.

Соода кылуу бөлмөсүн жасалгалоого катышуу

КК 1.5.

Калкты, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлерин дарыкана ассортименттери менен таныштыруу.

КК 1.6.

Биринчи медициналык жардамды көрсөтүү.

КК 1.7.

Рецептин туура жазылгандыгын, курамындагы ингредиенттердин дал келүүсүн, жазылган өлчөмдүн бейтаптын жашына дал келүүсүн, колдонуу өзгөчөлүгүн; рецепттин прописинде дозалардын жогору көрсөтүлүшүн аныктоо жөндөмү

КК 1.8.

Нормативдик документтин негизинде табыйгатты коргоону, рационалдуу колдонууну эске алуу менен дары өсүмдүк сырьелорун топтоо, кайра иштетүү жана колдонууну уюштуруу.

5.1.3. Даары формаларын жасоо жана ички дарыкана көзөмөлүнүн милдеттүү түрлөрүн жүргүзүү

КК 2.1.

Даары формаларын рецепт жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин талаптары менен жасоо

КК 2.2.

Пайдалануу үчүн, ички дарыканада дары каражаттарын даярдоо жана таңгактоо.

КК 2.3.

Дары каражаттарынын ички дарыкана көзөмөлүнүн милдетүү түрлөрүн жана сактоо мөөнөтүн көзөмөлдөөнү билүү.

КК 2.4.

Санитардык-гигиеналык режимдин, эмгекти коргоо, техника жана өрт коопсуздук эрежелерин сактоо

КК 2.5.

Приборлорду, аппараттарды, кичи механикалык каражаттарды, электрондук жана компьютердик техникаларды эффективдүү пайдалана алуу; дарыкана идиш аягын иштетүү жана стерилизациялоо жөндөмү;

КК 2.6.

Ассептикалык шартта дары препаратттарын жасоо

5.3. Айыл жеринде дарыкана структураларынын ишмердүүлүгүн жана дарыкана уюмун жетектөө (жогорку билимдүү адис жок болгон кезде)

КК.3.1.

Дарыкана ассортименттерине суроолоруна анализ жүргүзүү;

КК.3.2.

Жогорку билимдүү фармацевтин жоктугуна байланыштуу айыл жеринде структуралык дарыкана бөлүмдөрүн уюштуруу жана жетектөө;

КК.3.3.

Жабдып туруучуга дарыкана товарларынын ассортименттерине билдирмени берүү;

КК.3.4.

Баа койуу политикасына катышуу;

КК.3.5.

Биринчилик эсеп-кысап иш кагаздарын даярдоо жөндөмү;

КК.3.6.

Мөөнөтү өтүп кеткен дары каражаттарын жана медицинада колдонуучу каражаттарын колдонулгандан кийин катардан чыгарууну билүү жөндөмү;

КК.3.7.

Фармацевтикалык ишмердүүлүктө нормативдик – укуктук документтерди колдоно билүү жөндөмү.

Кошумча компетенциялар

ККК 1

Кесиптик ишмердүүлүктө адам анатомиясын, физиологиясын жана жалпы паталогиясынын негиздерин билүү жөндөмү.

ККК 2

Жалпы функционалдык биологияны билүү жөндөмү.

ККК 3

Заттарды сандык жана сапаттык анализдөө усулдарын билүү жөндөмү.

ККК 4

Дары каражаттардын таасир этүү механизмин билүү жөндөмү

3.1. Компетенциялардын картасы

Фармакогнозия дисциплинасынын к омпетенциялар картасы

КОМПЕТЕНЦИЯ - КК1.8. Нормативдик документтин негизинде табыйгатты коргоону, рационалдуу колдонууну эске алуу менен дары өсүмдүк сырьелорун топтоо, кайра иштетүү жана колдонууну уюштуруу.

Компетенциялар дын жалпы ммүнөздөмөсү

НББПнын 060108 “Фармация” багытынын бүтүрүүчүсүнүн кесиптик компетенциясы

Бул компетенция төмөнкү компетенциялар менен байланышта

- Нормативдик-укуктук базанын талаптарына ылайык, дары каражаттарын, дары өсүмдүк сырелорун жана дарыкана товарларынын ассортименттерин сактоону жана кабыл алууну уюштуруу (КК1.1)

- Приборлорду, аппараттарды, кичи механикалык каражаттарды, электрондук жана компьютердик техникаларды эффективдүү пайдалана алуу; дарыкана идиш аягын иштетүү жана стерилизациялоо жөндөмү (КК2.5)

Пландалган күтүлүүчү натыйжага жана баалоо критерийлерине компетенциялардын өздөштүрүү этаптарынын (деңгээлинин) дал келиши

Компетенциянын шифры

Пландалган күтүлүүчү натыйжа

күтүлүүчү натыйжанын баалоо критерии

Баалоо каражаттары

2

3

4

5

КК1.8

Нормативдик-укуктук базанын талаптарына ылайык табыйгатты коргоо менен приборлорду пайдаланып дары өсүмдүк сырьелорун топтойт, кабыл алат, колдонот жана сактоону уюштурат

Колдо-но албайт

ДӨС менен иштөөдө нормативдик документтерди толук колдоно албайт

ДӨС менен иштөөдө нормативдик документтерди жана приборлорду жакшы колдонот

Талапка ылайык табыйгатты коргоп ДӨСтү эркин топтойт, колдонот, сактоону уюштурат

Практикалык көндүм-дөрүн баалоо

4. 060108 “Фармация” багытынын НББПсынын каражаттык камсыздалышы

5.1.НББПны ишке ашырууда кадырдык камсыздоо

Наименование дисциплин учебного плана по курсам обучения

Обеспеченность преподавательским составом

Ведущий лекторы по дисциплинам

Какой ВУЗ окончил, специальность и квалификация

Ученая степень и звания

Стаж практической работы по специальности

Всего

В том числе по научно- педагогической дисциплины

Всего

В т. Ч. по преподаванию указанной дисциплины

1

2

3

4

5

6

7

8

1.

Кыргызский язык

Карынова Жибек Азимбаевна

ОшТУ,2009 учителя кыргызкого языка и литературы

преподаватель

8

8

8

Манасоведение

5

Психология

4

2.

Математика и информатика

Курманбаева Нургыз

Ош МУ 2014, информатик

преподаватель

7

7

7

3.

Англиский язык

Жумалиева Роза Ормоновна

ОшГУ, 2009, учителя ангиского языка

преподаватель

11

11

11

Латинский язык

8

8

8

4.

Русский язык

Султанова Сажида Ражаповна

ОГПИ,1986 учителя русского языка и литературы

преподаватель

32

32

32

5.

История

Философия

Этика

Кадырова Алтынай

ОшГУ,2013 юрист

преподаватель

3

3

3

6.

Физкультура

Муратов Искандер Акматович

Ленинград,СГПТУ 1986 газо-электро сварщик

преподаватель

12

12

12

7.

Ботаника

Раева Кыздархан Толоновна

Выс. ФПИ инженер технолог; ОшТУ учитель биологии

Ст. преподаватель

35

20

9

фармакогнозия

6

8.

Микробиология и вирусология

Кочкор уулу Бакыт

Выс. КГНУ учитель биологии

преподаватель

20

12

11

гигиена и экология человека

11

9.

Фармакология

Жолдошбаева Рита Маматкуловна

ОшГУ медфак 2000 ГВ №24550 МС 009994 Дарыгер терапевт

преподаватель

5

4

2

Клиническая патология

4

10.

Экология

Мамаджанов Мирзахид

Сред УМУ лечебное дело Выс. КУУ учитель биологии, Выс ОшМУ юриспруденция

преподаватель

9

9

4

Прававое обеспечение пофессиональной деятельности

4

Информационное обеспечение профессиональной деятельности

5

11.

Здоровый человек и его окруж.,

Джусупов Сатар Сайпиевич

КГМИ 1982г ИВ № 342053 педиатр

преподаватель

36

15

3

12.

Организация экономики в фармации

Токтомуратов Рысбай

Выс. Алматинский государственный медицинский институт- провизор

преподаватель

23

5

5

13.

аналитическая химия

Минбаева Турдайым

Выс. КЖПИ учитель химии

преподаватель

33

29

8

неорганиечская химия

8

органическая химия

8

14.

биология с основами медицинской генетики

Кошатова Гулзат Турдалиевна

Выс.ОшГУ 2005г CD051065548 химия мугалими

преподаватель

17

17

3

Фармацевтическая химия

4

органическая химия

3

15.

НВМП

Мамаджанов Мирзахид

Сред УМУ лечебное дело Выс. ОшМУ учитель биологии

преподаватель

6

6

6

16.

Анатомия и физиология человека

Рахманбердиев Ильгиз

ОшГУ Мед кол 2014г№УС140091221 ОШТУ УВ160384436 Биолог

преподаватель

3

3

3

17.

Клиническая фармакология

Каримова Ибадатхон Самиевна

Выс.Анд.ГМИ 1974г.

К.м.н

МД №015077 29.121982г. Москва

Преподаватель

40

11

11

18.

Безопасность жизнедеятельности и медицина катастроф

Каримова Ибадатхон Самиевна

Выс.Анд.ГМИ 1974г.

К.м.н

МД №015077 29.121982г. Москва

Преподаватель

40

5

5

19.

Лаборант

Кыдыршаева Минура Ахматжановна

Ош МУ медициналвык колледж, фармация-2018-ж

1

20.

Лаборант

Айдар уулу Мухаммед -Юсуп

ОшМУ ӨМК, 2015

3

21.

Лаборант

Каримбаев Элназар

ОшМУ ӨМК, 20116

3

5.2. НББПга дал келген окуу процессин ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык камсыздоо

Билим берүү уюму жетиштүү, жеткиликтүү жана билим берүү максаттарына ылайыктуу материалдык-техникалык жана маалымат ресурстарына ээ.

ӨЭАМКнин китепканасында 11500 экземпляр китеп, 1 компьютердик класс, 3 электрондук доска жана 2 проектор бар. Окуу кааналарында телевизор жана DVDлер коюлган. Коледжде «Internet» Wi-Fi байланышы орнотулган.

2012-2013-окуу жылынан баштап ОшМУнун китепканасы автоматташтырылган «Ирбис» системасы аркылуу окуучу, комплектатор, китеп берүүчү деген автоматташтырылган жумушчу орундары ишке киргизилген. ӨЭАМКда китепкана автоматташтырылган эмес, бирок Ош МУнун электрондук библиотекасынан 10000 китепти студенттер пайдалана алат.

060108 Фармация программасынын студенттерин даярдоодо зарыл болгон окуу-усулдук адабияттары жалпы дисциплиналар боюнча жеткиликтүү. Ал эми кесиптик дисциплиналар бюонча толуктоо керек, ал үчүн Ош МУнун ректоруна заявка берилген (6.1.2-тиркеме).

Колледждин окуу аянты 7755 кв.м. түзөт. Колледжде 2 окуу корпусу бар, негизги корпус менчик, бирөө Өзгөн аймактык оорукананын территориясында жайгашкан жана анын бөлүмдөрүндө окуу кааналары бар сабак өтөөгө келишим түзүлгөн. ӨЭАМКда фармация багыты боюнча 152 студент окуйт 1 студентке талап боюнча 8м2 каралган, колледжждин аянты талапка жооп берет (6.2.1-тиркеме).

Саламаттыкты чыңдоо үчүн мыкты спорттук каражаттар менен жабдылган атайын тренажердук зал уюштурулган (6.2.3-тиркеме). ӨЭАМКнын окутуучу-көмөкчү курамына жана студенттерине ден-соолугун чыңдоо үчүн “Станбаев” клиникасы менен 20% жеңилдетилген түрдө келишим түзүлгөн (6.2.2- тиркеме).

060108 “Фармация” багытынын МББСнын талабына ылайык окуу кааналар уюштурулуп жооптуулар дайындалган. Фармацевтикалык технология, фармакогнозия жана химия боюнча атайын окуу процессинде колдонулучу каражаттар менен камсыздалган кабинеттер уюштурулган (6.2.4-тиркеме).

Окуу жайдын бардык аудиториялык, компьютердик класстары ж.б. санитардык-гигиеналык, коопсуздук эрежелерине жооп берет. Администрациялык чарба департаментинин техникалык кызматкерлери (уборщицалар) күн сайын жана жумасына бөлмөлөрдү тазалашат. Өзгөн аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундусу бар (6.3.1-тиркеме).

Өзгөн медициналык колледжинин бөлмөлөрү санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына туура келет, чечимдери бар. Ар бир окутуучу окуу жылынын башында кабинеттеринде Техника коопсуздугу боюнча эрежелерин иштеп чыгышкан жана студенттерди тааныштырып кол койдурушат (6.3.3-6.3.5- тиркеме).

Колледжде жакынкы аймактарда жашаган студенттер окугандыгына байланыштуу жатакана уюштурулган эмес.

Окуу жайдын китепканасы жана окуу залы башкы корпустун 1-кабатында жайгашкан.

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде атайын студенттер үчүн 30 орундуу студенттерге, 12 орундуу окутуучулар үчүн ылайыкталган ашкана уюштурулган. Аш кананын менюсу илинген, тамактардын баасы студенттердин талабына жооп берет (6.6.1-тиркеме).

Колледжде келечекте саламаттыкты сактоо тармагында иштей ала турган адистер даярдалгандыгына байланыштуу медпункт жок бирок, ар бир окуу кааналарында биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечкалар уюштурулган.

УБДБ менен санитардык көзөмөлдөн өтүү жана практиканы өтөө үчүн уруксат алууга женилдетүү менен келишим түзүлгөн (6.6.3-тиркеме).

ОшМУнун профсоюз уюму ПО курамга жана студенттерге көп жардамдарды берип келет. Айрыкча, ден соолугу чектелгендер, даарыланууга муктаждар үчүн профкомдон курорт-санаторияларга 10 күндүк жеңилдетилген эс алуу жолдомолору берилет (6.6.5-тиркеме).