060108 Фармация

Мазмуну

1. Жалпы жоболор

2. Максаты, күтүлүүчү натыйжалар. Негизги билим берүү программасынын өздөштүрүүгө талаптар

3. Окуу планы

4. Жумушчу окуу планы

5. Программанын компетенциялар картасы

6. Окуу планындагы базалык дисциплналардын программасына аннотация

7. ОКББ компоненттерине кирген дисциплиналардын программасына аннотация

8. Жумушчу окуу пландагы элективдүү курстардын программасына аннотация

9. Практикалардын программасына аннотация

10. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга карата талаптар

10.1. Жалпы талаптар

10.2. Бүтүрүүчү квалификациялык жумушка карата талаптар

10.3. Жыйынтыктоочу мамлекеттик экзаменге карата талаптар

11. НББПны иштеп чыккандар, эксперттер

1. НББПнын жалпы жоболору

Негизги кесиптик билим берүү программасы.

1. Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин 060108 “Фармация” адистигинин “фармацевт” квалификациясынын негизги билим берүү программасы (НББП) Мамлекеттик орто кесиптик билим берүү стандартынын талаптарын реализациясын камсыздайт.

НББПы 060108 “Фармация” багытынын МОКББСнын негизинде иштелип чыгылган нормативдик - усулдук материалдын системасы.

1.2. Терминдер жана аныктамалар

          Азыркы орто кесиптик билим берүү мамлекеттик стандартында  Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү багытындагы "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык  кабыл алынган терминдер жана аныктамалар колдонулат. 

- негизги билим берүү программасы - максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, тийиштүү адистик боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-методикалык документтердин жыйындысы;

- сабактардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бир бөлүгү же окуу сабактарынын жыйындысы;

- модул - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон окуу сабактарынын бөлүгү;

- компетенция - тийиштүү тармакта кесиптик иш менен алектенүү үчүн зарыл болгон жекече сапаттардын, билимдердин, ыктардын жана көндүмдөрдүн динамикалуу комбинациясы;

- кредит (зачеттук бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу ченеми;

- окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окутуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар.

НББПнын нормативдик укуктук базасы

НББПнын иштеп чыгууда Өзгөн эл аралык медициналык колледжи төмөнкү нормативдик иш кагаздарын колдонмо катары пайдаланат:

- «Билим берүү жөнүндө” (2003-жылдын 30- апрелиндеги № 92 кезектеги редакциясы) Кыргыз Республикасынын Закону

- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасында иштелип чыккан “Ден соолук” улуттук программаны реформалоо 2012 – 2016- жылдары түзүлүп, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын улуттук программасын реформалоосун улантуучу болуп саналат.

КР өкмөтүнүн токтому 24- май 2012- ж № 309 бекитилген “Манас” (1996-2005- жж.) жана “Манас таалими” (2006-2011- жж.) бекитилген.

- Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу актысы боюнча 2018-жылдын 28- мартындагы №160- токтому

- Кыргыз Республикасынын башкаруу кызматында жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн нормативдик – укуктук актысы 2012- жылдын 29- майында КР өкмөтүнүн № 346 токтому менен бекитилген.

- Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу актысы боюнча 2018-жылдын 28- мартындагы №160- токтомуна карата 2018-жылдын 13- апрелиндеги 443/1 буйругу, 3-ноябрдагы №1356/1 кошумча өзгүртүү буйругу.

- Кыргыз республикасынын билим жана илим министирлигинин 2018- жылдын 28- августунда №3019 токтомунда «060108 Фармация» багыты боюнча окуу планынын бекитилген үлгүсү.

- Кыргыз республикасынын билим жана илим министирлигинин 2015- жылдын 15- сентябрда № 1179/1 “Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” буйругу.

- Кыргыз Республикасынын “Дары каражаттары жөнүндө закону” 30.04.2003-ж., №91.

-“ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дары политикасы” жөнүндөгү 12.01.2007-ж, №11 токтому.

- медицинада колдонулуучу дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү”, 2011-жыл 6-апрелдеги №137 техникалык реглементи.

- “ Дарыканада жасалуучу дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү”, 2012-жыл, 26-май №320 техникалык регламенти.

-060108 “Фармация” багытнын Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору.

- Кыргыз республикасынын билим жана илим министирлигинин Ош МУнун Уставы.

- Ош МУнун билим берүү процессинин локалдык нормативдик – укуктук актылары.

- Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин, Советтин, усулдук жана педагогикалык кеңештин, практиканын жоболору.

- Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин “060108 Фармация” адистигине 2018 – 2019- жылга окуу планы

1. Максаты, күтүлүүчү натыйжалар. Негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө талаптар (компетенциялар коду менен, КОББ тарабынан толукталган компетенциялар өзүнчө бөлүм).

Ош мамлекеттик универститетинин Миссиясы

- Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо, билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу,жаштарда адептик,маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу.

- Мамлекеттин экономикалык,социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.

- Борбордук Азиядагы эң мыкты 5 университеттин катарына кирүү.

060108 “Фармация” билим берүү программасынын максаты:

1 максат Гуманитардык табигый жана так илимдерди, билим билгичтик көндүмдүрдү пайдаланып маселелерди чече алган компетенттүү адистерди даярдоо.

2 максат Мамлекеттин өнүгүүсүндө интеллектуалдык позициясын кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган коммуникабелдүү, толеранттуу кадрларды даярдоо.

3 максат Нормативдик иш кагаздарынын негизинде сапаттуу дары каражаттарын жасаган фармациянын ишмердүүлүгүн уюштура алган адистерди даярдоо.

1. НББПнын жалпы мүнөздөмөсү

1.1. НББПны өздөштүрүү мөөнөтү.

Шифр

Багыты

Квалификациясы

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Зачеттук бирдиги

1

060108

Фармация

Фармацевт

күндүзгү

2 жыл 10 ай

48

1.2. 060108 “Фармация” багытынын НББПсынын эмгек сыйымдуулугу 180 кредит.

Ар бир окуу жылына эмгек сыйымдуулугу 60 кредитти түзөт. Бир семестрге 30 кредит 8 экзамен. Бир кредит студенттин окуу ишинин 30 саатына барабар. НББПны өздүштүрүү эмгек сыйымдуулугу 180 кредитти түзөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: студенттин аудиториялык жана өз алдынча иштерин (156 кредит), практикасын (18 кредит) жана студент тарабынан НББПны өздүштүрүү сапатын контролдоого бөлүнгөн убакытты (мамлекеттик аттестациянын бардык түрлөрү- 6 кредит).

1.3.Абитуриентке болгон талаптар:

060108 "Фармация" багытынын негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө атайын орто билимдүү, жогорку билимдүү, орто кесиптик билимдүү, негизги кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган абитуриенттерге уруксат берилет.

Абитуриентте мамлекеттик үлгүдөгү төмөнкү документтердин бирөө болушу зарыл:

- Атайын орто билим боюнча аттестат;

- Орто кесиптик билими боюнча диплом;

- Жогорку билими жөнүндө диплом.

2.060108 “Фармация” багытынын НББПсынын бүтүрүүчүсүнүн м одели

2.1. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракети (ишмердүүлүгү).
060108 «Фармация» адистиги боюнча бүтүрүүчү кесиптик ишмердигинде  фармацевт катары калкты дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылууга, өндүрүүгө, дары-дармектердин сапатын жана алардын чыгышын көзөмөлдөөгө, дарыканалардын уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, аларда маалыматты жайылтуу жана уюштуруу иштерин өткөрүүгө даяр болушу керек. 
2.2.Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн обьектилери:
-          дары каражаттары;
-          дары өсүмдүк чийки заттары;
-          жардамчы материалдар;
-          дарыкана шартында дары препараттарын жасоодо колонулучу жабдуулар;
-          дарыканада ички көзөмөлдөөнү жүргүзүүдө колдонуучу аппараттар, приборлор, химиялык реактивдер;
-          жабдып туруучулар жана колдонуучулар;
-          фармацевтикалык мекемелерди өндүрүш, соода жана маалымат ишмердүүлүгүн нормативдик укуктун негизинде камсыздоо;
-          биринчилик эмгек жамааты.

2.3. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракетинин түрлөрү.
060108 «Фармация» адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракетинин түрлөрү:

- уюштуруучулук;

- өндүрүштүк;

- аналитикалык;

- башкаруучулук;

- консультативдик-информациялык.


    
2.4.Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш аракетиндеги милдеттери.
060108 «Фармация» адистиги боюнча бүтүрүүчү кесиптик ишмердигине ылайык төмөнкү кесиптик маселелерди чечүү керек:
Уюштуруучулук:
-  нормативдик документтин талабына ылайык медицинада колдонуучу буюмдарды жана дары каражаттарын сактоону уюштуруу;
-  биринчилик эсеп кысапка киришүү;
-  жабдып туруучулардан таварды кабыл алуу жана аларды биринчилик көзөмөлдөө;
-  медицинада колдонуучу буюмдарын жана дары каражаттарын рецепт жана рецептсиз калкка узатуу; 
Өндүрүштүк:
- жеке рецепт боюнча, саламаттык сактоо уюмдарынын талаптарына ылайык жана ички дарыкана даярдоо түрүндө,  анын ичинде асептикалык шарттарда  дарынын формаларын жасоо;
- идиштерди жана жардамчы материалдарды стерилдөө;

- титранттык эритмелерди даярдоо

- тазаланган сууну алуу;

- дары өсүмдүк чийки заттарын даярдоо жана таңгактоо

Аналитикалык:

-дары препараттарынын сапатына көзөмөл жүргүзүү;

-эритмелерди титирлөө;

-препараттарда дары заттардын сандык курамын аныктоо;

- химиялык заттардык сапаттык курамын аныктоо;

- акча каражаттарын жана товардык –материалдык баалуулуктарды жол-жоболоштуруу учурунда ар түрдүү анализдин усулдарын колдонуу

Башкаруучулук:

- дарыкана мекемелеринин структуралык бөлүмдөрүнүн иштерин уюштуруу;

- жогорку билимдүү фармацевт жок учурунда айыл жергесинде дарыкана мекемелеринин структуралык бөлүмдөрүндө башкарууну жүзөгө ашыруу;

- дары каражаттарын сактоо мөөнөтүн контролдоо

Консультативдик-нформациялык:
- дарыканаларда сатылган  товаралардын ассортименттери жана колдонуу касиеттери менен калкты, медицина кызматкерлерин маалымадоо;  
- нормативдик документтке шайкеш дары каражаттарын кабыл алуу, узатуу жана үй шартында сактоо эрежелери  жөнүндө калкка кеңеш берүү;
- дары каражаттардын кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө калкты маалымдоо
- врачка чейинки жардам суроолору боюнча кеңеш берүү

3. 060108 “Фармация” багытынын НББПсын өздөштүрүүнүн натыйжасында калыптануучу бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары

Компетенция

Мазмуну

а) Жалпы компентенциялар:

ЖК1

Кесиптик маселелерди аткаруу жолдорун жана усулдарын тандап алардын сапатын эффективдүүлүгүн баалап жеке ишмердүүлүктү уюштура алат.

ЖК2

Стандарттык жана стандарттык эмес абалдарда жоопкерчилик жана инициатива көрсөтүү менен чечим кабыл алат, көйгөйлөрдү чечет.

ЖК3

Инсандык жана кесиптик өнүгүүдө кесиптик маселелерди аткарууда зарыл болгон тастыкталган медицинанын негизинде изденип интерпретациялоо жана маалыматты пайдалана алат.

ЖК4

Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонот.

ЖК5

Жетекчилик кесиптештер клиенттер менен эффективдүү баарлашууга топтордо иштөө жөндөмү

ЖК6

Топ мүчөлөрүнүн иш аракеттерине , аларды үйрөтүугө (кол алдында иштегендерди) жана аткарган иш аракеттери

ЖК7

Кесиптик ишмердүүлүктө эмгек шартынын өзгөрүүлөрүнө калыптанып кесиптик өнүгүү жана өзүнөзү башкаруу .

ЖК8

Уюштуруу башкаруу иштерине даяр болуп кичине жамаатта иштөө жөндөмү

ЖК9

Мамлекеттик жана расмий тилде оозхеки жана жазуу түрүндө социалдык баарлашуу денгеелинде бир чет тилин бил үү оозеки сүйлөөдө медициналык терминологияны сабаттуу колдонот жана грек латын тилдерине ээ болуу жөндөмүнө ээ.

ЖК10

Тарыхый мурастарды жана калктын социалдык маданий жана религиоздук салттарына этият мамиле жасайт.

б) кесиптик компентенциялар:

5.1.2. Дарыкана товарларынын ассортименттерин жана дары каражаттарын реализациялоо.

КК 1

Фармацевтикалык ишмердүүлүктө нормативдик документтерди колдоно билет.

КК2

Санитардык гигиеналык режимди, эмгекти коргоо техникалык коопсуздукту жана орт коопсуздугунун эрежесин сактайт.

КК 3

Рецепт менен жана рецептсиз дары дармектерди медицинада колдонулуучу буюмдарды жана башка аптекалык товардык ассортименттерин калкка жана ден соолук сактоо уюмдарына берет.

КК4

Аптекалык уюмдарда маркетингдин жана мерчандайзингдин негиздерин колдоно билет.

КК5

Рецепт менен дары (формаларын)түрлөрүн жана ден соолукту сактоо уюмдарынын талаптары менен жасап ички аптекалык жасоолорду даярдайт ,дары дармектерди тангактайт жана аларды берет.

КК6

Табият ресурстарын рацианалдуу колдонууну эске алуу менен нормативдик документтин негизинде дары өсүмдүк чийки заттарын пайдалануу жолдорун билет,даярдоону уюштурат.

КК7

Приборлорду аппараттарлы кичинекей механикалык буюмдарды, аптека идиштерин жууп тазалап стерилдөөдө мыкты колдонуу.

КК8

Рецептин туура жазылгандыгын курамындагы ингридиенттердин дал келүүсүн , жазылган өлчөмдүн бейтаптын жашына дал келүүсүн , колдонуу өзгөчөлүгүн , рецептин прописинде өлчөмдөрдүн жогорку көрсөтүлүшүн аныктоо жөндөмү.

КК9

Дары каражаттарынын ички дарыкана текшерүүнүн милдетүү түрлөрүн жана колдонуу мөөнөтүн көзөмөлдөөнү билүү.

КК 10

Аптека товар ассортименттеринин кыймыл процессин анализдеп жана биринчи учет отчеттук документтерин түзөт.

КК 11

Аптекалык уюмдардын структуралык бөлүмдөрүнүн жумушун уюштурат жана алыскы айыл жерлеринде жогорку билимдүү фармацевтин жок кезинде башкарат.

КК12

Нормативдик документтин талабына шайкеш дарыкана товарларынын ассортименттерин дары өсүмдүк чийки заттарын ,дары каражаттарын сактоону кабыл алууну уюштурат

КК 13

Аптека товар ассортименттерин калкка жана ден соолук сактоо уюмдарынын кызматкерлерине билдирет.

Кошумча компетенциялар

ККК 1

Кесиптик ишмердүүлүктө адам анатомиясын, физиологиясын жана жалпы паталогиясынын негиздерин билүү жөндөмү.

ККК 2

Жалпы функционалдык биологияны билүү жөндөмү.

ККК 3

Заттарды сандык жана сапаттык анализдөө усулдарын билүү жөндөмү.

ККК 4

Дары каражаттардын таасир этүү механизмин билүү жөндөмү

Күтүлүчү натыйжалары

Кутулуучу натыйжалар

Компетенциялар

1

Гуманитардык табигый жана так илимдерден алган билимдерин өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонот

ЖК9. Мамлекеттик жана расмий тилде оозхеки жана жазуу түрүндө социалдык баарлашуу денгеелинде бир чет тилин бил үү оозеки сүйлөөдө медициналык терминологияны сабаттуу колдонот жана грек латын тилдерине ээ болуу жөндөмүнө ээ.

Ж К10 . Тарыхый мурастарды жана калктын социалдык маданий жана религиоздук салттарына этият мамиле жасайт.

2

Кесиптик ишмердүүлүктө маалыматты, инновациялык технологияларды пайдаланат

Ж К1 . Кесиптик маселелерди аткаруу жолдорун жана усулдарын тандап алардын сапатын эффективдүүлүгүн баалап жеке ишмердүүлүктү уюштура алат.

ЖК3 . Инсандык жана кесиптик өнүгүүдө кесиптик маселелерди аткарууда зарыл болгон тастыкталган медицинанын негизинде изденип интерпретациялоо жана маалыматты пайдалана алат.

Ж К4 . Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонот.

3

Медицинанын базалык билимин кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдаланат

КК14. Биринчи медициналык жардамды көрсөтүү.

ККК1. Кесиптик ишмердүүлүктө адам анатомиясын, физиологиясын жана жалпы паталогиясынын негиздерин билүү жөндөмү.

ККК2. Жалпы функционалдык биологияны билүү жөндөмү.

4

Жамаатта жоопкерчилик менен иштей алат

ЖК5. Жетекчилик кесиптештер клиенттер менен эффективдүү баарлашууга топтордо иштөө жөндөмү

ЖК6. Топ мүчөлөрүнүн иш аракеттерине , аларды үйрөтүугө (кол алдында иштегендерди) жана аткарган иш аракеттери

ЖК7. Кесиптик ишмердүүлүктө эмгек шартынын өзгөрүүлөрүнө калыптанып кесиптик өнүгүү жана өзүнөзү башкаруу .

ЖК8. Уюштуруу башкаруу иштерине даяр болуп кичине жамаатта иштөө жөндөмү

5

Фармация багытында ишмердүүлүгүн уюштурат

К К1 . Фармацевтикалык ишмердүүлүктө нормативдик документтерди колдоно билет.

КК3 . Рецепт менен жана рецептсиз дары дармектерди медицинада колдонулуучу буюмдарды жана башка аптекалык товардык ассортименттерин калкка жана ден соолук сактоо уюмдарына берет.

К К4. Аптекалык уюмдарда маркетингдин жана мерчандайзингдин негиздерин колдоно билет.

К К10 . Аптека товар ассортименттеринин кыймыл процессин анализдеп жана биринчи учет отчеттук документтерин түзөт.

КК11. Аптекалык уюмдардын структуралык бөлүмдөрүнүн жумушун уюштурат жана алыскы айыл жерлеринде жогорку билимдүү фармацевтин жок кезинде башкарат.

К К13. Аптека товар ассортименттерин калкка жана ден соолук сактоо уюмдарынын кызматкерлерине билдирет.

6

Талапка ылайык ар түрдүү шарттарда дары каражаттарын жасайт

ЖК2. Стандарттык жана стандарттык эмес абалдарда жоопкерчилик жана инициатива көрсөтүү менен чечим кабыл алат, көйгөйлөрдү чечет.

КК2 . Санитардык гигиеналык режимди, эмгекти коргоо техникалык коопсуздукту жана орт коопсуздугунун эрежесин сактайт.

КК5. Рецепт менен дары (формаларын)түрлөрүн жана ден соолукту сактоо уюмдарынын талаптары менен жасап ички аптекалык жасоолорду даярдайт ,дары дармектерди тангактайт жана аларды берет.

КК7 . Приборлорду аппараттарлы кичинекей механикалык буюмдарды, аптека идиштерин жууп тазалап стерилдөөдө мыкты колдонуу.

7

Дары каражаттарын анализдейт, көзөмөлдөйт

КК8. Рецептин туура жазылгандыгын курамындагы ингридиенттердин дал келүүсүн ,жазылган өлчөмдүн бейтаптын жашына дал келүүсүн , колдонуу өзгөчөлүгүн ,рецептин прописинде өлчөмдөрдүн жогорку көрсөтүлүшүн аныктоо жөндөмү.

КК9 . Дары каражаттарынын ички дарыкана текшерүүнүн милдетүү түрлөрүн жана колдонуу мөөнөтүн көзөмөлдөөнү билүү.

8

Нормативдик документтин негизинде дары каражаттарын, дары өсүмдүк чийки заттарын пайдаланууну билет, даярдоону жана сактоону уюштурат

КК6. Табият ресурстарын рацианалдуу колдонууну эске алуу менен нормативдик документтин негизинде дары өсүмдүк чийки заттарын пайдалануу жолдорун билет,даярдоону уюштурат.

КК12 . Нормативдик документтин талабына шайкеш дарыкана товарларынын ассортименттерин дары өсүмдүк чийки заттарын ,дары каражаттарын сактоону кабыл алууну уюштурат.

3.1. Компетенциялардын матрицасы

3.2. Компетенциялардын картасы

Фармакогнозия дисциплинасынын к омпетенциялар картасы

КОМПЕТЕНЦИЯ - КК1.8. Нормативдик документтин негизинде табыйгатты коргоону, рационалдуу колдонууну эске алуу менен дары өсүмдүк сырьелорун топтоо, кайра иштетүү жана колдонууну уюштуруу.

Компетенциялар дын жалпы ммүнөздөмөсү

НББПнын 060108 “Фармация” багытынын бүтүрүүчүсүнүн кесиптик компетенциясы

Бул компетенция төмөнкү компетенциялар менен байланышта

- Нормативдик-укуктук базанын талаптарына ылайык, дары каражаттарын, дары өсүмдүк сырелорун жана дарыкана товарларынын ассортименттерин сактоону жана кабыл алууну уюштуруу (КК1.1)

- Приборлорду, аппараттарды, кичи механикалык каражаттарды, электрондук жана компьютердик техникаларды эффективдүү пайдалана алуу; дарыкана идиш аягын иштетүү жана стерилизациялоо жөндөмү (КК2.5)

Пландалган күтүлүүчү натыйжага жана баалоо критерийлерине компетенциялардын өздөштүрүү этаптарынын (деңгээлинин) дал келиши

Компетенциянын шифры

Пландалган күтүлүүчү натыйжа

күтүлүүчү натыйжанын баалоо критерии

Баалоо каражаттары

2

3

4

5

КК1.8

Нормативдик-укуктук базанын талаптарына ылайык табыйгатты коргоо менен приборлорду пайдаланып дары өсүмдүк сырьелорун топтойт, кабыл алат, колдонот жана сактоону уюштурат

Колдо-но албайт

ДӨС менен иштөөдө нормативдик документтерди толук колдоно албайт

ДӨС менен иштөөдө нормативдик документтерди жана приборлорду жакшы колдонот

Талапка ылайык табыйгатты коргоп ДӨСтү эркин топтойт, колдонот, сактоону уюштурат

Практикалык көндүм-дөрүн баалоо


8. 060108 “Фармация” багытындагы бүтүрүүчүлөргө анализ жана эмгек рыногунун талабы

- Негизги жумуш берүүчүлөр жөнүндө 060108 “Фармация” багытындагы бүтүрүүчүлөрүнө билим берүү программасында мааалымат

060108 «Фармация» адистиги боюнча фармацевттердин кесиптик ишмердүүлүгүнүн обьектилери болуп: илимий лаборатория; аскердик медицина; илимий изилдөө уюмдары; фармация өндүрүштүк мекемелери; судмедэкспертиза жана токсикологиялык лаборатория; дарыканалардын бардык тиби жана саламттыкты сактоо мекемелери саналат.

060108 "Фармация" адистигин бүтүргөн кесипкөй төмөнкүдөй иштерди аткарууга тийиш:

1. Нормативдик укуктук базанын талаптарына ылайык дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү жыйноо жана алардан алынган чийки заттарга ботаникалык, фармакогностикалык, ошондой эле алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрү боюнча мүнөздөмө берүү менен алардан алынган фармацевтикалык товарларды кабыл алуу, текшерүү калкка жеткирүүгө;

2. Медицинада колдонулуучу каражаттарды жана фармацевтикалык ассортименттеги товарларды сактоо, сатуу, сапатын текшерүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жеткирүүгө;

3. Рецептер жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин талаптары боюнча дарылардын түрдүү формаларын (түрдүү концентрациядагы суюк дарыларды, порошокторду, маздарды ж.б.) ар түрдүү шарттарда дарыканаларда даярдоого;

4. Нормативдик укуктук техникалык регламенттердин негизинде дары дармектерге жана медициналык шартта колдонулуучу буюмдарга талапка ылайык буюртма берип биринчи эсеп кысапты жүргүзүүгө;

5. Рецептерди окуп туура жазылышын аныктап, рецепте көрсөтүлгөн дары дармектердин бейтаптын жашына карап шайкештигин аныктоого.

Негизги жумуш берүүчүлөрдүн 060108 "Фармация" адистигин бүтүрүүчүлөрүнө кадрдык талабына анализ.

Негизги жумуш берүүчүлөр, заманбап атаандаштык рыногтун талабына ылайык 060108 "Фармация" адистигинин бүтүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй кадрдык талаптарды коет:

- Чукул кырдаалдарда пациенттерге биринчи жардам көрсөтө билген;

- Түзүлгөн кырдаалды анализдөө жана өзүнүн кесиптик жөндөмдүүлүгүндө чечим чыгара алган;

- Кесиптик ишмердүүлүгүндө кесиптештери, пациенттери менен, калк арасында моралдык жана укуктук эрежелерин сактай алган жана тил табыша билген;

- Иш кагаздарды туура жазуу эрежелерин билген;

- Калк арасында санитардык -агартуу иш чараларын жүргүзө билген;

- Мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн оюн ооз эки жана жазуу түрүндө билдире алган;

- Эмгек жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактаган.

- Дары дармек каражаттарын тангактоочуларга кенеш берүү жардамын көрсөтө алган.

- Дары дармек каражаттарын ички аптекалык жана асептикалык шарттарда даярдай билген;

- Дары –дармек каражаттарынын сакталуу мөөнөтүн камсыздай жана көзөмөлдөй алган;

- Рецептердин туура жазылганын, даарылардын бири-бирине болгон шайкештигин, бейтаптын жаш өзгөчөлүгүнө б.а. курагына дал келүүсүн аныктай алган;

- дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү аныктап, даярдап сатыкка узата алган;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен иштей алган;

- Медициналык терминдерди түшүнүп, колдонгон.

060108 "Фармация" багытынын билим берүү програ ммасынын эмгек рыногунун тизмесине, мүнөздөмөсүнө багыты жана негизи:

060108 Фармация адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик ишмердүүлүк аймагы болуп: профилдик окуу жайларында лаборант; аскердик медицинада фармацевт; илимий изилдөө уюмдарында лаборант; фармация өндүрүштүк мекемелеринде фармацевт; судмедэксперт жана токсикологиялык лабораторияларда лаборант; дарыканалардын бардык тибинде жана саламаттыкты сактоо мекемелерине фармацевт катары талап кылынат.

9 . 060108 “Фармация” багытынын ББПсынын кадрдык камсыздоосу:

Профессордук-окутуучулук курам

Окутуучунун АаА

Ээлеген кызматы

Билими

пед. стаж

Кафедра

ОшМУда эмгектенген стажы

Адистиги

Илимий даража

сы

Штаттык

Штаттык эмес

(совместитель)

1

Раева Кыздархан Толоновна

Зав каф. ага окутуучу

Жог.ОшТУ ТВ-1 №127298

18

ЖКД

11

Биология окут, технолог

Билим берүүнүн мыктысы

+

2

Жаанбаева Зулайка Нажимовна

Окутуучу

Жог.Таш.ФармИУВ №077154

3

3

Провизор

+

3

Токтомуратов Рыспай Алибаевич

Окутуучу

Жог. Алматинский госмед. Инист. ОшТУ 2001.ДВВ №03650

4

4

Провизор, Юрист

+

4

Рахманбердиев Ильгиз Пайзилдаевич

Окутуучу

Жог. ОшГУ Мед кол 2014№УС140091221

2

2

Зубтехник,

Бология окут

+

5

Кочкор уулу Бакыт

окутуучу/

совмест

Жог.КГНУ 2002 ГВ №06314

16

16

Биология окут

+

6

Кыдыршаева Минура

Лаборант

Орто ОшГУ мед колледж

Фармацевт

+

7

Карынова Жибек Азимбаевна

Зав. каф. окутуучу

Жог. ОшТУ 2009. №СД090224312

7

ЖГСЭД

7

Кыргыз тили жана адбияты окут.

+

8

Султанова Сажида Раджаповна

Окутуучу

Жог.ОГПИ 1986. МВ №121775

29

14

Орус тили жана адбияты окут.

Билим берүүнүн мыктысы

+

9

Муратов Искандер Акматавич

Окутуучу

Орто. Ленинград, СПТУ 1986 Жог. ОшГУ 2016

13

5

Дене тарбия окут.

+

1 0

Кадырова Алтынай Мурзабаевна

Окутуучу

Жог. ОшГУ 2013.

2

4

Юрист

+

11

Кошатова Гулзат Турдалиевна

Окутуучу

Жог. ОшТУ 2005.

16

12

Химия-биология окут

+

12

Жумалиева Роза Ормоновна

Окутуучу

Жог.ОшТУ 2009. №СД090224617

10

7

Чет тили окут.

+

13

Курманбаева Нургыз Токоевна

Окутуучу

Жог. ОшГУ МИТ 2014 №CD140221500

5

0

Информатик

+

14

Мамаджанов Мирзахид

Окутуучу

Жог. КУУ, ОшГУ

9

12

Биология окут. юрист

+

15

Минбаева Турдайым Дуйшоновна

Окутуучу

Жог. Пед.Инст. 1982

33

6

Химия окут

+

16

Айдар уулу Мухамед-юсуп

Лаборант

Орто. ОшГУ 2012

2

2

Зубтехник

+

17

Жолдошбаева Рита Маматкуловна

Каф. башчы

окутуучу

Жог.ОшГУ медфак 2000 ГВ №24550

3

3

Педиатр

+

18

Каримова Ибодотхан Самиевна

к.м.н. окутуучу

Жог.Анд.ГМИ 1974г. А-II №179823

18

КД

15

Педиатр

Саламаттык. сактоонун мыктысы

+

19

Каримбаев Элназар

лаборант

Орто. ОшГУ 2012

2

2

Техник стомотолог

+

- НББПны ишке ашырууга тартылган практик –специалисттер, профилдик мекемелердин башчылары жөнүндө маалымат

Практик специалисттин АаА

Мекеменин аты

Ээлеген кызматы

Эскертүү

1

Жээналиев Калыбек Дүйшеевич

ЖЧК “Мээр Чөп”

Директор

2

Султанбаева Эльвира Абдылдабековна

ЖЧК “Дарыгер”

Директор

Өндүрүштүк практикага методист

3

Шаяхметова Рима Рифовна

ЖЧК “Мээр Чөп”

№892 Аптеканын башчысы

Өндүрүштүк практикага методист

4

Киргизбаев Заир Амиржанович

ЖЧК “Дармек

Директор

5

Салиева Гулиза

ЖЧК “Мээр Чөп”

Аптека пунктунун башчысы

Өндүрүштүк практикага методист

5

Шалтаков Зикир Залович

Кара-Кулжа аймактык ооруканасы

Директор

6

Джусупов Сатарбай Сайпиевич

Өзгөн аймактык ооруканасы

Директор

Совместитель сабак берет

7

Кожомалиева Турдайым

Өзгөн аймактык ооруканасы

Дары жасоо бөлүмү-нүн башчысы

Өндүрүштүк практикага методист

8

Түгөлбай уулу Мелис

ЖЧК “Неман фарм”

Директор

9

Акназаров Улан

ЖЧК “Алтын бешик плюс” дарыканасы

Директор

10

Куралова Сонун

ЖЧК “Сонун фармация”

Директор

11

Шарипов Бегзат

ЖЧК “Мин Фарм”

Директор

12

Мирахмедова Зумратхан

ЖЧК “Арча бешик”

Аптека башчысы

13

Каликов Кубаныч

ЖЧК “Мир и Нур”

Аптека башчысы

14

Сагындык уулу Тынчтык

ЖЧК “Фарм сервис”

Аптека бөлүм башчысы

НББПны тейлөөчү кафедра

Илимдин кандидаты, доц.

Ага окутуучу

Саламаттыкты сактоонун мыктысы

Билим берүүнүн мыктысы

Окутуучу

Жалпы

штаттык

1

ЖКД

1

1

2

4

7

5

2

ЖГСЭД

1

8

9

9

3

КД

1

1

2

2

Жалпы колледж боюнча

1

1

2

1

13

18

16

4

Көмөкчү персонал

3

3

11 . ББПны ишке ашыруудагы материалдык – техникалык жана финансылык шарттары:

Өзгөн Эл аралык медициналык колледжи жетиштүү, жеткиликтүү жана билим берүү максаттарына ылайыктуу материалдык-техникалык жана маалымат ресурстарына ээ.

- Колледждин 2 окуу корпусу бар, ошону менен бирге Өзгөн аймактык оорукананын бөлүмдөрүндө келишимдин негизинде атайын окуу аудиториялары практикалык сабактарды өтөө үчүн уюштурулган (№1 келишим, 15.09.2018-ж.). 1 студентке жалпы аянттан бөлүнгөндө 11м2 түзөт. 1 студентке актылык залдан 0,6м2, жана спорт залдан 0,3м2 коюлган, нормага жооп берет.

- Талаа практикасын жана өндүрүштүк практиканы өтөө үчүн төмөнкү мекемелер менен келишим түзүлгөн:

Кара – Шоро коругу (№9, 09.04.2017-ж.)

ЖЧК «Мээр-Чөп» (№12, 01.12.2015-ж.)

ЖЧК «Дарыгер» (№15, 10.10.2015-ж.)

ЧП «Шарипова» (№12, 03.02.2016-ж.)

ЖЧК «Неман» (№8, 01.09. 2015-ж.)

ЖЧК «Алтын Бешик» (№13, 01.03.2016-ж.)

ЖЧК “Сонун фармация” (№14, 10.10.2017-ж.)

ЖМ “Тилебаев” Ош ш. ( №14, 09, 09, 2015-ж)

ЖЧК «Мир и Нур»;

ЖЧК “Арча бешик”;

ЖЧК “Мин Фарм”

ЖЧК “Фарм сервис”

ЖЧК «Диер-Фарм»

Өзгөн аймактык оорукана;

Кара –Кулжа аймактык оорукана.

- Практикалык сабактарды өтүү үчүн фармацевтикалык технология, фармакология жана клиникалык фармакология, фармациянын экономикасын уюштуруу, ботаника жана фармакогнозия, химия, тарых, чет тили, орус тили, кыргыз тили, анатомия, микробиология атайын оку процессинде колдонулуучу каражаттар менен жабдылган кааналар уюштурулган.

- Колледжде атайын студенттер үчүн 1 компьютердик класс уюштурулган, интернет булагын кеңири пайдалануу максатында Wi-Fi түйүнү туташтырылган. Окуу залы компьютерлер менен камсыздалган. Студенттер окуу залында Ош МУнун электрондук китепканасын интернет аркылуу кеңири пайдалана алышат.

Өзгөн медициналык колледжинин китепканасында 11000 экземпляр китеп, 1 компьютердик класс, 3 электрондук доска жана 2 проектор бар. Окуу кааналарында телевизор жана DVDлер коюлган. Коледжде «Internet» Wi-Fi байланышы орнотулган.

Кафедрага 5 кабинет бекитилген, телевизор DVD, ноутбуктар бар. Бул жерде окутуучулардын аракетин өзгөчө белгилеп кетүү керек, себеби бул техникалык каражаттарды ар бир окутуучу өзү алып келген. Студенттерге сабактарды дисктерди кеңири пайдаланып, фильмдин коштоосунда өтүшөт.

- Окутуучулар бекитилген предмети боюнча силлабустарын, жумушчу программаларын, тесттер жыйнактарын жана иштелмелеринин электрондук варианттарын AVNге киргизишкен.

- Колледжде студенттерге окуу процессин толук ишке ашыруу үчүн зарыл жабдуулар, окуу китептери, окуу куралдары жана башка окуу-усулдук материалдар, анын ичинде электрондук ресурстар менен камсыздалган. ББПда камтылган ар бир дисциплинанын темасына ылайык көрсөтмө куралдар планшет, таблица, макет, гербарий жана таркатуучу материалдар кеңири түзүлгөн.

- Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинде атайын студенттер үчүн 30 орундуу студенттерге ылайыкталган ашкана уюштурулган.

- Саламаттыкты чыңдоо үчүн мыкты спорттук каражаттар менен жабдылган атайын тренажердук зал иштейт.

Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин бөлмөлөрү санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына туура келет. Ар бир кабинетте биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечка, техника коопсуздук эрежелери жана тааныштыруу журналдары бар.

УБДБ менен санитардык көзөмөлдөн өтүү жана практиканы өтөө үчүн уруксат алууга женилдетүү менен келишим түзүлгөн.

Ош МУнун Окумуштуулар кеңеши, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, Билим берүү жана илим министрлигинин 2005-жылдын 27-октябрындагы №709/1 сандуу “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын күндүзгү бөлүмүндө окуп жаткан студенттерге берилүүчү жардамдарга болгон бирдиктүү сунушунун” негизинде иштелип чыккан „Айрым категориядагы студенттерге контрактык төлөмдөн жеңилдик берүү“ жобосуна ылайык үй-бүлөсү толук эмес жана турмуш шарты оор студенттердин документтеринин иликтөөнүн натыйжасында контракт төлөмдөрүнөн ар кандай пайызда жеңилдик берилет.

12. Негизги жумуш берүүчүлөр жана эмгек рыногу менен байланышы :

060108 "Фармация" багытынын билим берүү программасын өздөштүрүү максатында төмөнкү негизги жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүлгөн:

1. Өзгөн аймактык оорукана;

2. ЖЧК «Мээр-Чөп»;

3. ЖЧК «Дарыгер»;

4. ЖЧК «Диер-Фарм»;

5. ЖЧК «Мир и Нур»;

6. ЖЧК «Неман»;

7. ЖЧК «Сонун фарм»;

8. Кара –Кулжа аймактык оорукана.

Негизги жумуш берүүчүлөр келишимдин негизинде сабак өтүшөт; өндүрүштүк практиканы жетектөөгө, баалого; Мамлекеттик аттестацияны алууга; тегерек столдорга, конференцияларга; билим берүү программаларын талкулоого катышышат.

Эмгек рыногунда кесиптик талап болгон аймактарда кесиптик сертификаттар жөнүндө маалымат жана алуу шарттары

060108 "Фармация" багытынын билим берүү программасын өздөштүрүгөн мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү дипломго, өзүнүн кесиптик билимин жогорулатуу үчүн ар беш жылда мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өткөн соң кесиптик сертификатка ээ болушат.

К есиптик сертификацияга ээ болуш үчүн 060108 "Фармация" багытынын билим берүү програ ммасы төмөнкү дисциплиналарды камтыйт :

ОКББ 1. Жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар

  • Кесиптик кыргыз тили жана адабияты
  • Кесиптик орус тили жана адабияты.
  • Кесиптик чет тили.
  • Кыргызстан тарыхы.
  • Манас таануу
  • Философия.
  • Дене тарбия
  • Латын тили.

ОКББ 2. Матаматикалык жана жалпы табигый-илимий дисциплиналар

  • Кесиптик математика
  • Информатика.
  • Экология негиздери

ОКББ 3. Кесиптик цикл

  • Анатомия жана адам физиологиясы
  • Ботаника
  • Органикалык эмес химия
  • Органикалык химия
  • Аналитикалык химия
  • Фармакология
  • Фармацевтикалык технология
  • Фармациянын экономикасы жана уюштуруу
  • Фармацевтикалык химия
  • Фармакогнозия
  • Микробиология
  • Клиникалык фармакология
  • Клиникалык патология
  • кесиптик психология
  • Безопасность жизнедеятельности и медицина катастроф
  • Этика жана деантология фармацияда
  • Жалпы гигиена
  • Биология медициналык генетика негиздери менен

Тандоо курсу

  • Кесиптик ишмердүүлүктө укуту камсыздоо
  • Биринчи сестралык медициналык жардам
  • Баштапкы аскердик медициналык даярдоо
  • Кесиптик ишмердүүлүктө маалымат менен камсыздоо
  • Дени сак жашоо жана анын айлана чөйрөсү

ОКББ 4. Практика

  • Ботаника боюнча биринчилик кесиптик билим билгичтиктерди алуу үчүн окуу-өндүрүштүк практика (гербаризациялоо
  • Фармацевтикалык технология боюнча окуу-өндүрүштүк практика
  • Фармацевтикалык технология жана фармакогнозия боюнча окуу-өндүрүштүк практика
  • Фармацевтикалык технология, фармациянын экономикасы жана уюштуруу кесиптик багыты боюнча окуу-өндүрүштүк практика
  • Квалификация ыйгаруу алдындагы практика

ОКББ .5 Мамлекеттик жыйынтык аттестация

  • Кыргызстан тарыхы боюнча МЖА
  • Дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу сынактар

Бүтүрүүчүлөрдүн эмгекке жайгашуу жана карьералык өсүшүнүн аналитикалык жана изилдөөдөгү натыйжалары:

Атайын бүтүрүүчүлөр ассосациясынын сайты жана анализинин жыйынтыгы боюнча натыйжалары:

Бүтүрүүчүлөрдүн саны

Бүткөн жылы

Жумушка орношкону

2013

2014

2015

2016

2017

2018

2019

36

2013

25

30

2014

20

66

2015

42

59

2016

31

30

2017

20

41

2018

23

60

2019

35