Мероприятия

2024-жылы 16-февраль күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Эмгек рыногунун талабына ылайык Акушерлерди даярдоодо окуу программасын жакшыртуу максатында "Активдүү иш берүүчү (стейкхолдер), сапаттуу негизги кесиптик билим берүү программа, мыкты адис” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана Акушерлер алянсынан, мэриядан өкүлдөр жана ОшМУнун карера борборунун башчысы катышышты. Активдүү иштешкен иш берүүчүлөргө, бүтүрүүчүлөргө колледждин "Ыраазычылык баракчасы" тапшырылды.
шилтемени басыңыз👈

Тегерек столдун программасы
2026-жыл 26-май күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде маанилүү иш-чара өттү! Колледжде «Билим берүү – практика – иш берүүчү: кызматташуунун жаңы багыттары» темасында тегерек стол уюштурулду. Негизги максат — «Физикалык терапия», «Акушердик иш» жана «Медициналык айым иш» адистиктеринин билим берүү программаларын дагы да өркүндөтүү болду. Иш-чарага стейкхолдерлор, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышып, кызуу талкуу жүрдү. Суроо-жооптор берилип, анкета толтуруу аркылуу маанилүү сунуштар кагаз жүзүндө да калтырылды. Коноктор колледждин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар экенин айтышты. Тегерек столду колледждин директору Г. А. Сулайманова ачып, программа жетекчилери Г. К. Нуржанова, К. Абдукеримов жана К. Качкынов адистиктер боюнча баяндама жасашты. Иш-чараны уюштурууга жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө ПЦК башчылары И.П.Рахманбердиев, Р.О.Жумалиева жана колледждин окутуучулар жамааты: Э.Каримбаев, А.Жакып кызы, Н.У.Аилчинова, А.Хамидова, Н.Г.Арыкова, Т.У.Мусурманова, А.Тойгелди кызы, Б.Муратова, С Мырзабекова, Бакыт Кочкор уулу өздөрүнүн чоң салымын кошушту.

https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20260529103745-umk.jpeg
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20260529105440-umk.jpeg