САЛАМАТТЫК САКТООДОГУ ЖАНА МЕДАЙЫМ ИШИНДЕГИ ИНФОРМАТИКА САБАГЫНАН ОНЛАЙН ЛЕКЦИЯ ӨТТҮЛДҮ
Кыргызстандагы медициналык колледждердин арасында академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында уюштурулуп жаткан онлайн конок лекциянын кезеги Өзгөн эл аралык медициналык колледжининде. 2024-жыл 11-март күнү "Жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар" циклынын окутуучусу Тойгелди кызы Айчүрөк "СС жана медайым ишиндеги информатика" сабагынан "Электрондук медициналык карта" жана "Электрондук каттоо" темасында "Медициналык айым иши" пилоттук программанын студенттрине лекция окуду. Лекцияда учурда Саламаттык сактоо тармагына киргизилип жаткан медициналык маалыматтык системалар жана алардын иштөө принциптери, медайым ишиндеги маалыматтык комуникациялык технологиялардын орду жөнүндө студенттер маалымат алышты. Саламаттык сактоодогу жана медайым ишиндеги информатика сабагын максаты: Санариптештирүү заманында болочоктогу медайымдарды маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдалана билүүгө үйрөтүү.
БИОХИМИЯ САБАГЫНАН ОНЛАЙН ЛЕКЦИЯ
2024-жыл 14-март күнү "Жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар" циклынын окутуучусу Кошатова Глзат Турдалиевна кезектеги онлайн лекцияда Биохимия сабагынан "Углеводдор" темасында лекция окуду. Лекция Zoom тиркемеси аркылуу өтүп, башка медициналык колледжинин студенттерин да суроолоруна жооп берди. Онлайн лекцияга Нарын МК, Талас МК, Токмок МК, Кызыл-Кыя МК, Ош МК жана башка медициналык колледждердин студенттери катышты. Иш чара педагогикалык билим берүүнү интеграциялоо аспектинде өз ара өнөктөштүк байланышты кеңейтүү максатында улантылууда.
2024-жылдын 16-декабрынан 20-декабрына чейин Ош мамлекеттик университети менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө максатында, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык
Өзгөн технология жана билим берүү институтуна ПЦКнын окутуучусу У.Н.Бакирова академиялык мобилдүүлүктүн алкагында конок лекция окуду.
Сабактын иштелмеси
2025-жылдын 13-март күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин Жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар ПЦКнын окутуучусу Тойгелди кызы Айчүрөк мобилдүүлүктүн алкагында Ош медициналык колледжинде "Электрондук медицина. Электрондук медкарта" темасында конок лекция окуду.