Мероприятия

2024-жылдын 19-сентябрь күнү ОшМУнун ОМК сапат департаментинен М.М. Былыкова жана М. Нурмаматова, Розыкова эжекелер окутуучуларга Силлабус жана СРСП боюнча семинар отуп берди. Семинардын жүрүшүндө эжекелер Силлабус, СӨАИ жана ОшМУда окуу процессин уюштуруу жөнүндө жоболору менен тааныштырды. Силлабустун макетин корсотуп кандай кылуу керек экендигин айтып берди. Окутуучулар тарабынан түрдүү суроолор берилип, талкуу болду. Жыйынтыгында Силлабусту жана окутуучунун катышуусу менен студенттердин өз алдынча иштери кантип түзүлөөру боюнча окутуучулар тушунук алышты.

“ОшМУда студенттердин билимин баалоонун модулдук баллдык-рейтингдик системасы жөнүндө” Жобону окутуучулар жамаатына толук түшүндүрүү боюнча Окуу методикалык кеңешинин жыйынын

МААЛЫМАТЫ

2025-жылдын 17-март күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Баалоо боюнча ОшМУда иштелип чыккан жаны Жобо боюнча Окуу методикалык кеңешинин төрайымы А.Кыдыкова окутуучуларга кенен түшүнүк берди.

Жобо ар бир окутуучуга жиберилген. Ага ылайык балл коюу саясатында бир аз өзгөрүү болгондугуна токтолду төрайым. Жобого ылайык силлабуска балл топтоо технологиялык картасын киргизүү керектиги айтылды.

Сабак учурунда ар бир студент бааланышы керектиги айтылды. Эгерде студент 5(эн жакшы ) деген баага окуса анда ага 4 балл, 4(жакшы) деген баага жооп берсе 3 балл, андан ары карай 3 балл, 2 балл, 1 балл коюу менен сөзсүз түрдө ар бир студент баалануусу керек.

Студент кантип балл топтойт баары силлабуста көрсөтүлүп ар бир студентке тааныштырылышы керек.

Окутуучу Абдисалим кызы Сүйүмкан суроо берди: “СОМӨАИге да балл берүү керекби?” – деп. Ага жооп катары төрайым буларга токтолду: “СОМӨАИге атайын балл койбойбуз, көбүрөөк СӨАИге балл берилет”.

Андан сырткары ар түркүн маселелерде:

Ар бир окутуучуга Окуу методикалык комлекстин струткурасы берилген, жаңы Жобо боюнча силлабуска баалоо картасын кошуу керектиги айтылды. 31- мартта күтүлүп жаткан ОшМУдан келүүчү комиссиянын текшерүүсүнө быйыл аккредитациядан өтүүчү Физикалык терапия адистигине сабак берген ар бир окутуучу ОМК сын толуктап бүтүрүү керектиги милдеттендирилди.

Ага ылайык төмөндөгүдөй ЧЕЧИМ кабыл алынды:

− Жогоруда айтылган Жобо боюнча ар бир окутуучу тыкыр таанышып чыгып, ошол Жобого ылайык баалоосун жүргүзүшсүн.

− 31-мартка чейин Физикалык терапия адистигине сабак берген окутуучулар ОМКсын толуктасын.




2024-2025-окуу жылынынын октябрь айында Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 1-курстун студенттеринин базалык билим деңгээлин диагностикалоо уюштурулуп, өткөрүлдү. Диагностикалык баалоо коллеждин 11 база 1- курстарынын студенттерине пререквизит болгон предметтер боюнча алынды. Алар: кыргыз тили, орус тили, биология, химия. Алгач жобого ылайык график түзүлүп, жооптуу окутуучулар графике ылайык диагностикалык баалоону жүргүзүштү. Окутуучулар тест жана жат жазуу баалоо каражаттары аркылуу студенттердин базалык билимин текшеришти. Баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир окутуучу пайыздык корсоткучтору менен толук иш кагаздарын ПЦКга тапшырышты.
SWOT анализ
2024-жылдын 10-сентябрь күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окуу усулдук кеңешинин төрайымы Кыдыкова Айпери Жетимишовна тарабынан колледжибиздин окутуучулары үчүн семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө окуу методикалык комплекстин негизин түзгөн Силлабус, СӨАИ жана ОшМУда окуу процессин уюштуруу жөнүндө жоболору менен тааныштырып, окутуучунун катышуусунда студенттин өз алдынча иши жана окуу процессине киргизилген жаңы маалыматтар менен тааныштырды.