СРСПнын аткарылышы

2025-жыл, 12-декабрь ФТ адистигинин 2-курстарынын студенттери үчүн өзгөчө пайдалуу конок лекция уюштурулду. Лекцияны Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун системалык администратору, Өзгөн эл аралык медколледжинин бүтүрүүчүсү – Артыкбай уулу Ахмед окуп берди.
Ахмед мырза “Санарип клиника” темасы боюнча заманбап медициналык маалыматтык системанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири түшүндүрүп, студенттерге реалдуу убакытта системанын иштешин практикалык түрдө көрсөтүп берди. Маалыматка ылайык, Өзгөн району “Санарип клиника” ММСти ийгиликтүү колдонууда өлкө боюнча биринчи орунду ээлеп, санариптештирүүдө мыкты үлгү болуп келет.
Бул жолугушуу студенттер үчүн кесиптик тажрыйбасын кеңейтүү менен катар, тармактагы заманбап санарип чечимдер тууралуу баалуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк жаратты.



Физио терапия адистигинин студенттеринин орус тилинен окутуучу Айпери Кыдыкова менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан



Фармация адистигинин студенттеринин чет тилинен окутуучу Роза Жумалиева менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан






Физио терапия адистигинин студенттеринин латын тилинен окутуучу Роза Жумалиева менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан







Фармация адистигинин студенттеринин латын тилинен окутуучу Роза Жумалиева менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан рецепт которуу





Медайым иши адистигинин студенттеринин латын тилинен окутуучу Роза Жумалиева менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан







Акушердик иши адистигинин студенттеринин латын тилинен окутуучу Роза Жумалиева менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан



Фармация адистигинин студенттеринин фарм химия сабагынан окутуучу Абдисалим кызы Суйумкан эжеке менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан









Фармация адистигинин студенттеринин орус тилинен окутуучу Айпери Кыдыкова менен биргеликте аткарган өз алдынча иш учурунан


География дисциплинасынан 2ФТ1-22 тайпасынын студенти Эшатова Ф Нарын облусунун саясий картасын түзгөн. Текшерген: Каримбаев Э.С

Кыргызстан тарых дисциплинасынан 1ФТ1-23 тайпасынын студенти Нышанова А ОШ тургун жайынын картасын назик менен түзгөн. Текшерген:Кыргызстан тарых дисциплинасынын окутуучусу Мамашарип кызы Бакдөөлөт.



1 фарм1-22 тайпасынын студенттери Токтоматова С.,Рахманжанова А, Тажимаматова М, география сабагынан Кыргызстандын картасын мык менен А3 форматында жасаган.Текшерген: География дисциплинасынын окутуучусу Каримбаев Э.С.

2024-жылдын 26-октябрь күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программанын студенттери үчүн "Санариптик сабаттуулук - медайымдардын негизги компетенцияларынын бири" аталышында сабак-конференция өтүлдү.