Олимпиада


2025-жыл 30-май күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин Ассоциациясынын демилгеси жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен орто медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана медициналык колледждер ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү максатында "Медициналык айым иши" жана "Фармация" адистиктери боюнча Республикалык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бубужан Камчыбековна жана КМКАнын төрагасы О.Т.Станбаев Дипломдорду, акчалай сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырышты.