Конок лекциялар

  Онлайн лекция

2021-жылдын 6-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын эмгек синирген врачы, жогорку даражадагы врач инфекционист, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин жугуштуу оорулар предметинин окутуучусу Хамидова Абида Хамидовна ички мобилдүүлүктүн алкагында Нарын медициналык колледжинин "Медициналык айым иши" адистигинин 3-курсунун студенттерине "Куйдургу" (Сибирская язва) деген темада онлайн лекция окуп берди. Иш чара педагогикалык билим берүүнү интеграциялоо аспектинде өз ара өнөктөштүк байланышты кеңейтүү максатын көздөдү.
https://umk.oshsu.kg/pages/news/17164



2021-жылдын 8-октябрь күнү Саламаттыкты сактоонун мыктысы, жогорку даражадагы врач-терапевт, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин терапия предметинин окутуучусу Аильчинова Назира Уркумбаевна үзүрлүү эмгегин, кесиптик багытта жетишкен ийгиликтерин келечектеги жаш адистерге жайылтуу максатында Нарын медициналык колледжинин "Акушердик иши" адистигинин 2-курсунун студенттерине "Бронхиальная астма" деген темада онлайн лекция окуп берди. Аталган конок лекция суроо жооп менен коштолуп, студенттерге чыныгы практик адис менен маектешүүсүнө өбөлгө түзүлдү.
https://umk.oshsu.kg/pages/news/17185       
2024-жылдын 19-февралында Нарын медициналык колледжинин окутуучусу Алмазбек А.А. «Антигипертензиялык дарылар» деген темада онлайн лекция окуду. шилтеме



2024- жыл 20-февралда Нарын медициналык колледжи уюштурган “Дары-дармектердин сапатын аптека ичинде контролдоону уюштуруу” темасындагы конок лекцияга студенттер катышышты.
шилтеме


2024-жыл 21-февралда Нарын медициналык колледжинин микробиология дисциплинасынын лектору Г.Т. Турарбекова “Патогендик кокктор” темасында лекция окуду. шилтеме


2024-жылдын 22-февралында студенттер Нарын медициналык колледжи тарабынан уюштурулган «Хирургия» сабагы боюнча «Көкүрөк органдарынын жаракаттары жана хирургиялык оорулары» деген темада конок лекциясына катышышты.
шилтеме


Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында Кыргызстандагы медициналык колледждердин студенттери үчүн уюштурулуп жаткан кезктеги онлайн конок лекция 27-февралдан 4-мартка чейин Талас медициналык колледжи тарабынан өткөрүлдү.
шилтеме


Кыргызстандагы медициналык колледждердин студенттери үчүн академиялык мобилдүүлүк максатында уюштурулган кезектеги онлайн конок лекциясы Токмок медициналык колледжинде 4-марттан 7-мартка чейин өттү.
шилтеме


2024-жыл 11-март күнү "Жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар" циклынын окутуучусу Тойгелди кызы Айчүрөк "СС жана медайым ишиндеги информатика" сабагынан "Электрондук медициналык карта" жана "Электрондук каттоо" темасында онлайн лекция окуду.
шилтеме



2024-жыл 12-март күнү "Жалпы кесиптик дисциплиналар" циклынын окутуучусу Кочкор уулу Бакыт кезектеги онлайн лекцияда Микробиология сабагынан "Ичеги көңдөй бактериялар классы (Enterebacteriaceae) - энтеробактериялар" темасында лекция окуду.
шилтеме